Сүрөт: «Турмуш» басылмасы
Алайда көмүр казуу үчүн «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы жана жергиликтүү бийлик президент Садыр Жапаровдун саясатына каршы иштөөдө. Бул тууралуу Алай районунун Үч-Дөбө- Алай айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара-Кол айылынын тургундары билдирди.
Алардын айтымында, Кара-Суу районун аймагындагы Загара көмүр кени алар жашаган Чоң-Кара-Кол айылына жакын жайгашкандыктан, көмүрдү каза турган компания аны сатуу үчүн алардын айылынын жогору жагындагы муз катмарын талкалоо менен жол куруп баштаган.
Чоң-Кара-Кол айылынын тургуну Шерикбай Борбодоев буларды айтты.
Сүрөт: «Турмуш» басылмасы
«Биз Чоң-Кара-Кол айылынан келдик. Келгенибиздин себеби, Чоң-Кара-Кол айылы аркылуу көмүр ташуу үчүн жол куруп жатышат. Жол куруу боюнча «Кыргы көмүр» мамлекеттик ишканасынан, айыл өкмөттөн барып, элден суранышкан. Бирок, бул жолго көпчүлүк эл макул эмес. Анткени, №2 Загара көмүр кенине баруучу эки жол бар. Анан үчүнчү жолду биздин айылдын үстүнөн ачабыз деп жатышат. Биздин айыл аркылуу салынган жол Кытайга жакын деп жатышат. Ал жолго биз каршы турганыбыздын эң негизги себеби, ал жол курула турган жерде муз катмарлар бар. Жол салганда көп жылдык калың мөңгүлөр талкаланат. Жолду курулушу башталган. Азыр да талкалап жатышат. Ал мөңгүлөр талкаланса, суу азаят. Биз үстүбүздөгү мөңгүдөн суу Гүлчө суусуна да кошулат. Аркы бетинен Ак-Буура суусуна да кошулат. Эгер ошол мөңгү ээрип кетсе, эки дарыяда тең азайып кетиши мүмкүн. Биздин айылдын жаратылышы, жайыт жерлери, арза-карагайлар жок болот. Биздин тоолордо жапайы жаныбарлар көп. Ак илбирс бар жана башка жандыктар көп. Алар башка жакка кетип калышат.
Экинчиден, президенттибиз жакында эле БУУнун трибунасына экологиябызды сактайлы, коргойлу деп айтты. А бул жакта айыл өкмөт, райондук администрация баш боулп президенттин саясатына каршы иштеп жатышат. Андыктан, урматтуу Садыр Нуркожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, биздин маселеге дыкат көңүл бөлүп, экологиябызды, жаратылышыбызды сактап калууга жардам бересиздер деген үмүттөбүз»,- деди ал.
Аталган айылдын дагы бир жашоочусу Дөөлөтбек Таалайбек уулу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, тергөө тобун түзүп, алардын айылына жөнөтүп маселени тыкыр изилдөөнү сураныды. Анын айтымында, айыл өкмөт менен «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы мыйзамсыз иштерди кылууда.
Ошондой эле, маалымат жыйындын катышуучулары кошумчалагандай, Загара көмүр кенине баруучу эки жол бар. Анын бири Мурдаш айылына, экинчиси Кара-Суу районунун Кожо-Келең айылына түшөт. Кытайлык ишкананын үчүнчү жолду куруусунун себеби, Чоң-Кара-Кол айылы менен салына турган жол башка жолдорго караганда Кытайга 10-15 чакырымга жакын болот.
«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүктөгү филиалынын басма сөз кызматы жарандар айткан маалыматтарды төгүндөдү. Мекемеден билдиришкендей, №2 Загара көмүр кенин казуу боюнча 100 пайыздык лицензия «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына берилген.
«Биринчиден, Загара көмүр кенин казуу боючна лицензия 2023-жылы Министрлер кабинетинин тескемеси менен «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалына берилген. Экинчиден, Загара көмүр кениндеги иирк көмүр экспортко чыкпайт, ал Ош обулсунун аймагында гана сатылат. Калган майда көмүрдү Кытайга экспорттоо пландалып жатат. «Көмүрдүн баары Кытайга чыгып кетет» деген маалымат туура эмес.
Үчүнчүдөн, «мөңгү талкаланды» деген маалымат да туура эмес. Загара көмүр кенинен ошол айыл аркылуу өтүүчү жолдо расмий туш келген, же катталган мөңгү жок. Жол кар жамынып турган тоолордун үстүнөн же ортосун тешип өтүп курулбайт. Жол тоонун бетине курулуп жатат. Андай долбоор жок.
«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы «Спецтехника и Аренда» ЖЧКсы (кытайлык компания)менен өнөктөштүк долбооруна кол койгон. Аталган долбоор боюнча аталган ЖЧК 5 млн АКШ долларындагы өлчөмдө каражат сарптап, анын ичинде жол салат, жолго туура келген арча-карагайлардын чыгымын төлөйт. Мындан сыркары, кытайлык компания майда көмүрдөн түшкөн пайданын 60 пайызын өзү алып, 40 пайызын «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына берет»,- деп айтылат маалыматта.