Бүгүн, 27-сентябрьда Ош шаарында С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында «Түштүк экспо – 2024» VIII эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкенин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев жана Президенттин Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, КР Соода өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев катышты.
«Жыл сайын өтүүчү көргөзмөгө Кытай, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Монголия, Казакстан, Венгрия, Россия сыяктуу 8 мамлекеттерден бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү жана Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан жеке ишкерлер катышты»,- деп айтылат маалыматта.
Анда сөз сүйлөгөн ыйгарымдуу өкүл Эльчибек Джантаев «Түштүк экспо – 2024» эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманке Ош облусунда эл аралык соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, мындан ары бекемдөө, инвестиция тартуу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн товарларын экспорттоого чоң колдоо болооруна ишенимин билдирди.
Андан соң коноктор “Түштүк Экспо-2024” эл аралык көргөзмө жарманкесинин экспозицияларын көрүп, таанышып чыгышты.
«Көргөзмө-жарманкеге айыл чарба, тамак-аш азыктары, кеңсе буюмдары, техника, курулуш, кийим-кече өндүрүшү, үй-тиричилик, туристтик жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, шаардагы жогорку окуу жайлардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Ошондой эле кыргызстанда чыгарылып жаткан жаңы автоунаалар көргөзмөгө коюлду»,- деп айтылат билдирүүдө.
Иш-чара эки күнгө созулат. Анын алкагында Кыргызстан менен бир нече өлкөнүн ишкерлери кызматташуу боюнча макулдашууларга кол коюлушу күтүлүүдө.
Ошондой эле “Түштүк Экспо-2024” иш-чарасын улай С. Ибрайимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдында боз үй кароо сынагы жана “Алтын күз” айыл-чарба жармаңкеси уюштурулган.
Мында күнүмдүк турмушка зарыл болгон азык-түлүк, жашылча-жемиштердин түрү арзан баада сатылат.
Ал эми жети райондун атынан даярдалган боз үйлөрдүн ичи-сырты кооздолуп, кыргыздын каада-салты, үрп адаттары чагылдырылган.