Бүгүн, 27-сентябрь күнү АКИпресс-Ошто жактоочулар тарабынан майыптуулугу бар жарандардын укугун коргоо жана аларга түзүлгөн шарттар боюнча маалымат жыйын болуп өттү.
«Турмуш» басылмасы жазгандай, маалымат жыйында жактоочулар Сардорбек Абдухалилов, Максатбек Жорокулов, Нурислам Раимжанов жана 1-топтогу майыптуулугу бар жаран Бектур Ашимовдор учурдагы майыптуулугу бар жарандар кабылып жаткан көйгөйлөргө токтолушту.
«Жактоочулар тобунун максаты майыптуулугу бар жарандардын укугу боюнча жазылган мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алуу жана ишке ашыруу болуп саналат. Биз Ош, Жалал-Абад, Бишкек шаарларында иш алып барабыз. Кыргызстанда 200 миңден ашуун майыптуулугу бар жарандар. Алардын арасында араба менен жүргөндөргө көбүрөөк кыйынчылык жаралууда. Имараттар көбүчнө Союз мезгилинде курулуп калгандыктан майыптуулугу бар адамдар эске алынган эмес. Бирок 2018-жылы курулуш тармагына «майыптуулугу бар адамдарды эске алуу шарттары» боюнча мыйзам кирген», — дейт Сардорбек Абдухалилов.
Жалал-Абад шаарынын тургуну, жогорку окуу жайдын мугалими, 1-топтогу майыптуулугу бар жаран Бектур Ашимов жактоочусу Нурислам Раимжанов менен биргеликте соттук иштерге катышып , учурда 2-3 объектти шарт түзүү боюнча сотко беришкенин айтат.
«Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканалардын дээрлик баары майыптуулугу бар жарандар үчүн каралган шарттар боюнча талапка жооп бербейт. Мисалга алса, «Мбанк» банкына кирүү үчүн пандус талапка жооп бербегендиктен, сотко кайрылганбыз. Ал иш 1 жылга созулуп, мага моралдык чыгым аз суммада болсо да төлөнүп, биздин киришүү менен башка пандус орнотулуптур. Ошондой эле, автобустун сүрөтү орнотулган белгинин алдында аялдама жок болгондуктан, ал боюнча да кайрылып жакында аялдама курулду. Бирок ал да талапка жооп бербейт. Негизи соттук иштер убактыңды алат, ошого сөзсүз кайрылтып, соттоштурбай эле тиешелүү органдар өздөрү бизге да шарттарды эске алышса», -деди ал.
Жактоочу Максат Жорокулов майыптуулугу бар адамдар боюнча көйгөй көп экенин, бирок бул маселени көтөрүп чыккандар азчылыкты түзүп атканын айтты.
«Пандус бул эң баштапкы гана маселе. Көйгөйдүн ичинде майыптуулугу бар жарандар ошол имаратка кирип иштөөсү да каралыш керек. Кадимки жарандарга түзүлгөн шарттар, мисалы ажаткана, тамактануучу жай сыяктуу ичиндеги шарттар да эске алуунусу керек. Биз учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, Улук-Ата чайканасы, муниципиалдык транспорт башкармалыгы менен сотко чейинки иштерди алып барып баштадык. Буга чейин Ош облусттук сотунда шарт жоктугуна , андан сырткары Ош эл аралык аэропорту менен соттошуп шарт түзүүгө жетишкенбиз»,-дейт жактоочу М.Жорокулов