“Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аталышындагы окуу курсунун кезектеги сабагы өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлери үчүн “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аталышындагы окуу курсунун кезектеги сабагы өттү.
«Сабакты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Канатбек Сейдалиев тарабынан өткөрүлдү»,- деп айтылат маалыматта.
Аталган сабакта колдонулган айрым терминдердин мааниси жана алардын кыргыз тилине которулушу, ошондой эле жалпы котормо жаатында түшүнүк берилди.