Өзгөндө жабырлануучуларга бир жарым миллион сом зыян келтирген мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 18-сентябрь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Салам-Алик айыл аймыгынын 1989-жылы туулган А.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын сентябрь айында 4 баш малын белгисиз атуулдар уурдап кетишкендигин билдирген. Ушундай эле мазмундагы арыздар менен дагы 7 атуул кайрылышкан. Жалпы 16 баш мал уурдалган.
Аталган фактылар каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
«Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 1-бөлүмү(Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү Ош шаарынын 1991-жылы туулган Х.О. 2001-жылы туулган М.Ж., 2001-жылы туулган С.У., 2005-жылы туулган А.А., 2005-жылы туулган Х.А. аттуу жарандар кармалып, камакка алынышты»,- деп айтылат маалыматта.
Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сомду түзөт. Уурдалган малдардын 9 башы ээлерине кайтарылып, калгандарын башка аймактын базарына алып барып сатып жибергени маалым болгон.
Учурда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уурдалган малдарды ээлерине кайтаруу жана шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.