Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылындагы Көк-Маңдай жайлоосунан мыйзамсыз кийик аткан төрт жаран кармалды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, тоо текени аткан жарандарды аталган уюмдун “Барс-2” тобунун жана Экотехинспекциянын Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери пландан сырткаркы биргелешкен атайын рейдинин алкагында колго түшүрүшкөн.
«Мыйзамсыз аңчылыкка шектелген жарандар токтотулуп, текшерүүгө алынган учурда, алардын куржунунан бир кийиктин эти жана төрт даана аңчылык куралы чыккан. Натыйжада акт түзүлүп, андан ары териштирүү максатында укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, сентябрь айынын башында NABU Кыргызстан уюмунун “Барс” тобунун кызматкерлери да Чүй обулсундагы “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркынын (МЖП) кызматкерлери менен биргеликте Көк-Ойрок участкасынан мыйзамсыз тоо теке аткан жарандарды кармашкан. Бул иш боюнча акт түзүлүп, Кемин РИИБга өткөрүлүп берилген.
Быйыл, июль айында Кыргызстандагы жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аткандарга салынуучу айыппулдун суммасы жогорулаган. Мисалы, тоо текени уруксатсыз атканга мурда 100 миң сом айыппул салынса, азыр 300 миң сомго көтөрүлгөн. Ал эми мамлекеттик жаратылыш парктарында же корук зоналарында мыйзамсыз аткандарга бул акчанын эки эселенген суммасы салынат. Мисалы: “Чоң-Кемин” МЖПда мыйзамсыз тоо теке аткандарга 600 миң сом айыппул салынды.