Япониянын премьер-министри Фумио Кисида баштаган өкмөтү оставкага кетти, деп жазат эл аралык ЖМКлар.
Эми өлкөнүн парламенти өкмөттүн жаңы башчысын тандаш керек. Бул кызматка 27-сентябрда бийликтеги Либералдык-демократиялык партиянын төрагасы Сигэру Исиба келе турганы күтүлүп жатат, деп жазат CentralAsia.
Бийликтен кетип жаткан премьер-министр мындай чечимин август айында төмөндөгөн рейтинг менен ызы-чууга байланыштуу кабыл алган.
Исиба менен Кисида экөө тең 67 жашта. Исиба буга чейин Япониянын коргоо министри, айыл чарба министри, калктын санын азайышы менен күрөшүү жана жергиликтүү экономиканы жандандыруу министри боулп эмгектенген. Анын атасы Дзиро Ибибо да кезегинде Япониянын Ички иштер министрлигин жетектеген.