Азык-түлүк коопсуздугун алдын алууда суу чарба башкармалыктарынын кызматы эл үчүн маанилүү. Кетмен көтөрүп, суу улаган дыйкандарыбыздын мол түшүм алуусуна, айланабыздын кыбыр эткен жандыгына суу жеткирген суучулдарыбыздын эмгеги албетте, баалуу. Каш карайгандан баштап, жерге кыймыл кирген мезгилге чейин суу каналдарын иреттеп, суу жетишсиздигин болтурбоонун максатында керелден кечке сай боюнда иштеген суу чарба башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышууну чечтик. Андыктан биз, Кара-Кулжа районук суу чарба башкармалыгына баш багып, аталган мекеменин жетекчиси Токтосунов Жумабай Шокоевич менен жеринде баарлашып кайтканбыз.
Тажрыйбалуу жетекчинин таржымалы
«КР суу чарба кызматынын мыктысы» төш белгисинин ээси Токтосунов Жумабай Шокоевич жетектеген Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгы кайнап турган вегетация учурун ийгиликтүү аяктап, учурда суу пайдалануучуларга суу берүүнү токтото элек. Жумабай Шокоевич 2012-жылдан бери аталган мекеменин жетекчилик чылбырын кармап, суу чарба тармагына мыкты салымын кошуп келүүдө. Анын элге кылган кызматы бааланып. «Кара-Кулжанын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарышкан. Көп жылдык тажрыйбасынын негизинде суу пайдалануучулар тарабынан эч кандай нааразычылыктар жаралбай, иштин көзүн билген жетекчинин изги ийгиликтери артып келүүдө. Дегенибиздей, ар бир аркалаган кызматы элдин көз алдында болуп, суу тартыштыгын алдын алууда жең түрүнүп иштеп келатышкан кызматкерлер жаан-чачынга карабай өз кызматын элине арнап келишүүдө.
Кара-Кулжадагы каналдар
Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгынын карамагында 8 ири канал бар. Аларды атай кетсек, Сары-Камыш каналынын узундугу 7,9 километрди түзүп, 799 гектар аянтка суу берет. Теңизбай каналы болсо 3,74 км. аралыкты ээлеп, сыйымдуулугу 0,9 метр куб болуп, 385 гектар аянтты сугарат. Ал эми Ылай-Талаа каналына келсек, узундугу 21,3 чакырымга барабар болуп, 455 гектар сугат аянтына суу менен камсыздайт. Эски-Могол каналы 21,3 километр узундукта болуп, 1181 гектар аянт жерди сугарат. Кум каналына келсек, 3,3 километр болуп, 2,0 метр куб суу сыйымдуулугу ээлесе, 258 гектар жерге суу чыгарылат. Ак-Турпак каналы жөнүндө айтсак, аталган каналдын узундугу 3,9 чакырымды түзүп, 0,1 куб метр суу сыйымдуулукка ээ. Ошондой эле 152 гектар сугат жерге суу жеткирилет. Көк-Жар каналынын узундугу 9,7 километрди ээлеп, 1,0 суу сыйымдуулугу менен 450 гектар аянтка суу берип келет. Сай каналынын узундугу 1,1 чакырым болсо, 0,6 куб метр суу сыйымдуулугу менен 120 гектар аянтты суу менен камсыздайт. Мындайча айтканда райондук суу чарба башкармалыгы 428 гектар жер аянтын сугат суу менен камсыздап, узундугу 63, 2 километр каналдарды кароодон өткөрөт. Мында эки насостук станция жайгашып, алардын сугат мезгилине карата бардык жабдыктары жаңыланып, суу жеткирүүдө эч кандай мүчүлүштүктөргө кабылбай иштеп келгенин жетекчи Жумабай Шокоевич айтып өттү.
«Негизинен биздин баланста турган каналдарды тынымсыз кароодон өткөрүп, аларды чаап-тазалоодо, суу жоготууларга жол бербей элди сугат мезгилинде суу менен камсыздоодо жасаган эмгегибиз шүгүр, текке кетпеди. Негизгиси калкыбыз кылган ишибизде ыраазы экени кубандырат. Суу тартыштыгы катталбай, биздин суучул кызматкерлерибиздин эмгегинин акыбети кайтты десем болот»-дейт Жумабай Шокоевич.
Жаңы техника – жаңы дем
Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгында быйылкы сугат мезгили изги ийгиликтер менен коштолду. Дегенибиздей, аталган башкармалыктын карамагына жаңы үлгүдөгү заманбап экскаватор техникасы алынып келинген. Бул техниканын зарылчылыгы суучулдар үчүн өтө муктаж болгондуктан, жаңы техникалуу болушканына жалпы калк да кубанып турганын айтат жетекчи.
«Чындыгында 2013-жылы келген техникаларыбыз эскилиги жетип, аны оңдотуп улам ишке салып жүрүп арыдык. Бирок, ошентсе да жок эле деп отургандан алыс болуп, бузулган техникаларды улам оңдотуп, сай бойлото канал тазалоого, суу жеткирүүдө колдонуп келатабыз. Ал эми азыркы жаңы үлгүдөгү экскаватор техникабыз бизге аба менен суудай керек эле. Биздин Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бактыбек Төрөбаев элдик жыйынга келгенде, андан бизге техника зарылдыгына жардам берүүсүн суранган элек. Ошол суранычыбызды эске алуу менен министрибиздин орун басары, КР суу чарба департаментинин директорунун колдоосу аркылуу он беш күн аралыгында жаңы заманбап экскаватор техникасын алдык. Сиздерден пайдаланып, бизди колдоого алган жетекчиликке Кара-Кулжанын калкынын атынан ыраазычылык айтмакчыбыз. Чындыгында акыркы жылдары ички ирригацияга жакшы көңүл бурулуп, дагы техникалар келиниши күтүлүүдө. Негизинен биздин жумуш оор техникалардын күчү менен болгондуктан, техникаларыбыз жаңыланса, жумушубуз да арбыйт деген үмүт менен күтүүдөбүз», -дейт Жумабай Шокоевич.
Арбындуу аракеттин акыбети
Кара-Кулжанын баба-дыйкандарын сугат суу менен камсыздоо үчүн бөлүнгөн каражат жумшалып, учурда башталган жумуштар аягына чыгуу алдында турат.
«Биздин райондо сугат мезгили аягына чыга элек. Биз суу берүүнүн токтото элекпиз. Азыр да суу пайдалануучулар үчүн суу жеткирип жатабыз. Эми күзгү даярдык иштерибиз аягына чыкса, кыш ичи жазгы талаа иштерине аракеттерди көрө баштайбыз. Бизде иштин сезону жок болгондуктан, кызматкерлерибиз күн-түн суу жээктеринде кызмат кылышканын жалпы журт билет», -дейт жетекчи.
Берилген буйрук-тапшырманын негизинде Сай каналы толук райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлсө, алыскы Алайкуу өрөөнүндөгү Терек каналын учурда тендерден уткан «Сити-Комплекс» компаниясы калыбына келтирүү иштери менен алектенип, жумуштун 90 пайызы аяктап калганын айтат Жумабай Шокоевич.
Ал эми Эски-Могол каналын жаратылыш кырсыктарынан сактап калуу максатында 45 метр аралыгына суудан коргоочу дамбаны кызматкерлер өз күчү менен куруп бүтүрүшкөн. Кара-Кулжа району тоолуу келгендиктен сел кырсыгы быйылкы жаз айларында төрт жолу катталып, 1 млн. сомдон ашуун чыгымга учурашкан. Убагында каналдар калыбына келтирилип, калкты сугат суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган эмес. Канал жээктерин тазалоо, ички арыктарды кеңейтүү жумуштары алынып барылып, берилген тапшырманын бардыгы өз убагында жүз пайызга ишке ашып келүүдө.
Суу жеткирген суучулдар
Аталган суу чарбасында 28 кызматкер эмгектенет. Адистердин алтоосу «КР суу чарбасынын мыктысы» төш белгисинин ээси болсо, калган кызматкерлер да түрдүү сыйлыктардын ээси. Элге суу улаган суучулдардын арасында көп жылдык тажрыйбасы бар адистер иштесе, алардын жолун улап жаш кадрлар да тарылууда. Бирок, кадр маселесинде жетишсиздик учур талабы болуп келүүдө.
«Чындыгында кадр маселеси бизде оор. Азыркы жаштарды жумушка тартууда айлык маянанын аздыгынан келгенде эле кетип калып жатышат. Бул багытта өзүбүз деле жогорку окуу жайына окуталы деген ниетти ишке ашырууга аракет кылдык. Бирок, бул тармакка кызыккан жаштар жокко эсе экен. Ал эми окуу жайлары менен иштешип, атайын билимге ээ жаштарды тартууга аракеттерибиз тынымсыз жүрүп келалат», -дейт жетекчи.
Атарактуу эс алуу курагына жетсе да, арыдым-талыдым дебей калкка сугат суу жеткирүүдө эмгек жасап келаткан ардагер адистердин эмгегине таазим. Мына дал ушундай ак сакалдуу Акматалиев Кадырмамат, Калмурзаев Эркин, Нурматов Калык, Калыев Беделбай абаларыбыз ардагер кызматкелер. Өмүрүн суу тарагында арнап, калк урматына арзыгандар десек болот. Ал эми Өмүрали Мамаев, Беделбай уулу Адилет, Данияр уулу Элдияр улуу муундардан үлгү алып, устаттарынын акыл-насааттары менен жең түрүнө иштеп келаткандар. Эркектер менен теңатаа иштешип келаткан Альбина Корчубекова эсепчи айым болсо, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Мамаева да мыктылардын сап башында. Таалай кызы Айзирек эсепчинин жардамчысы кызматында тыкылдап иштеп жүргөн кези.
Н.Өмүрзакова.