Кара-Сууда мурдагы мамлекеттик кызматкерлер коррупцияга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан 2023-жылдын 23-февралында Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында РИИБ жана прокуратура органдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу багытында ыкчам-тергөө амалдары башталган.
«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун аймагында базар баасы 21 375 000 (жыйырма бир миллион үч жүз жетимиш беш миң) сомду түзгөн жер тилкелери эч жерде каттоосу жок токтомдун негизинде жарандарга мыйзамсыз ажыратып берилгендиги аныкталып, 2024-жылдын 27-сентябрь күнү кылмыш иштин беренеси Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 336-беренесине (Коррупция) квалификацияланган»,- деп айтылат маалыматта.
2024-жылдын 13-сентябрь күнү бул кылмышка шектүү катары Шарк айыл аймагынын мурдагы жер адиси 1958-жылы туулган Х.Н., ал эми 2024-жылдын 28-сентябрь күнү Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси 1981-жылы туулган Ш.Р. жана Кара-Суу райондук Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы 1978-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалышып, камакка алынышты.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары уланууда.