1-октябрь күнү кечинде Иран Израилдин аймагына баллистикалык ракета менен массалык түрдө сокку урду. Израилдин бардык аймагында аба чабуулу боюнча сиренанын үнү жаңырды.
Израилдин бийлигинин маалыматы боюнча, Иран жалпы 180 баллистикалык ракета аткан. Каза болгондор жана кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.
«Иран бүгүн кечинде чоң ката кетирди. Алар бул иши үчүн жооп берет. Ирандагы режим биздин өзүбүздү коргоога жана душмандан өч алууга болгон чечкүндүүлүгүбүздү түшүнбөй жатат. Биз өзүбүз бекиткен эрежени карманабыз: ким бизге кол салса, биз да ага кол салабыз»,- деп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху айтканын «Би-Би-Си» жазды.
АКШ Израилдин Иранды колдогон «Хезболла» тобуна каршы операциясы башталгандан кийин (1-октябрда Израилдин коргоо күчтөрү Ливандын түштүгүндө чектелген кургактык операциясын баштады) Израилге баллистикалык ракеталар менен сокку уруларын күткөн.
АКШнын президенти Жо Байден Ирандын соккусу кайтарылып, эффективсиз болгонун айтты.
Өз кезегинде Ирандын бийлиги Израилдин аскердик объектерине гана сокку урганын, толук масштабдуу согушту каалабастыгын, бирок алар өзүн-өзү коргоо укугун коргоого даяр экенин билдирди.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүнө караганда, Израилге жасалган чабуулдар Тегеранда ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө жана 28-сентябрда Бейрутка жасалган чабуулдун натыйжасында «Хезболла» кыймылынын лидери Хасан Насралланын өлүмүнө жооп болду.