Ош облусунун Ноокат районунда кызыл китепке кирген Гималай кумайын (Cнежный гриф-Gyps himalayensis) кармаганы үчүн Шалдырама айылынын тургуну кармалды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал канаттууну учуп келип конгондо кармап, видеого тартып, ватсап группаларга таратып жиберген. Мындан улам, NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобунун кызматкерлери жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош облусу боюнча биотүрдүүлүк бөлүмүнүн ыкчам тобунун мүчөсү Төлөнбай Каримов менен биргеликте пландан сырткары рейд өткөрүштү. Натыйжада канаттууну кармаган адам колго түшүп, фактыны мойнуна алган.
“Кармалган кумайды учуруп жиберишкени аныкталды. Негизи кызыл китепке кирген жаныбарды кармаса да айып пул салынат. Бул факт боюнча акт түзүлүп, шектүүлөрдөн түшүнүк кат алынды. Ал эми өздөрүнө КР Укук бузуулар боюнча Кодексинин 262-берененин 1-бөлүгү менен (кызыл китепке кирген жапайы жаныбарды кармаганы үчүн) 20 миң сом айып пул салынды. Эгер атып, өлтүрүп салышса, Ички иштер бөлүмүнө акт аркылуу өткөрүлөт дагы, алар тергөө жүргүзүп, тиешелүү чарасын колдонмок”,-деди Т.Каримов.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 29-майында Алай районундагы Нура айылынан кызыл китепке кирген эки гималай кумайын мыйзамсыз аткан жарандар кармалып, аларга 200 миң сом доо коюлган.
Аталган канаттуу негизинен Кыргызстандагы Алай жана Тянь-Шань кырка тоолорун байырлап, аска зоолордо уялайт жана мал жандыктардын тарпы менен тамактанат.