Иллюстративдик сүрөт
29-сентябрь күнү Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын улук инспектору К.С.А пара менен кармалган.
Бүгүнкү күндө салык кызматкеринин баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камалган.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 1-октябрындагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.
«Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (ири өлчөмдө опузалап пара алуу)менен шектүү К.С.А. бөгөт коюу чарасынын камак түрү тергөө мөөнөтүнө, тактап айтканда 2024-жылдын 29-ноябрына чейин тандалган»,- деп айтылат маалыматта.