Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда расмий сапар менен Рим шаарына барды. Мамлекет башчысынын борту Римдин эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу президенттин сайтында жарыяланды.
Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров менен Биринчи айым Айгүл Жапарованы Италиянын тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчиси Кристиано Маджипинто, “Алга, Италия” партиясынан сенатор Франческо Сильвестро, Ватикан тараптан — Ыйык тактынын архиепискобу Франческо Каналини, Ыйык тактынын протоколунун жетекчиси Хавьер Фернандаз Гонзалез жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
«Италияга жана Ыйык тактыга (Ватикан) жасаган сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Италиянын Президенти Серджо Маттарелла, Министрлер Кеңешинин Төрагасы Джорджей Мелони, депутаттар Палатасынын Төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия Сенатынын Төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган»,- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун Рим папасы Франциск менен жолугушуусу болот.