Жолдошумдун өлүмүнө шектелип кармалган жаран психикалык жактан оорулу деген жүйөө менен сот тарабынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургундары билдиришти.
Алардын айтымында, 2023-жылдын 9-майында О.Р. аттуу жаранды өз үйүндө куралдаш досу, айылдашы М.А . аттуу куралдаш досу бычак менен сайып өлтүрүп койгон. Тергөө убагында М.А. жасаган кылмыш ишин моюнуна алганын, сот процесси учурунда күнөөсүн моюнуна албай койгон.
Анипа Осорова, маркумдун жубайы. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы
«Мен О.Р.нын жубайы болом. Биз жабырлануучу болуп эсептелебиз. Анткени, 2023-жылдын 9-майында жолдошум О. Р.ны айылдашы, куралдаш досу М. А биздин үйдө бычак менен сайып, өлтүрүп койгон. Жолдошум окуя болгон жерде жан берген. Ал айыпталуучу «ошол убакта спиртик ичимдиктерди ичип, тигиндей болгонбуз, андай болгонбуз» дейт. Ал учурда спирттик ичимдиктер ичилген эмес. «Мен оорулуумун» дейт. Менин жолдошум экөө бет маңдай отурган жерден эле ушул окуя боуп кеткен. Мен Россиянын Тюмень шаарында небере карап жүргөн элем. Кыздарым да үйдө жок болгон. Булар өз ара келишпестиктенби, же жөн эле чай ичип отуруппу, ушундай окуя болуп кеткен.
М. А. Тергөөнүн жүрүшүндө күнөөсүн толук моюнуна алып, «ушундай болгон, чай ичип отурганбыз» деп күнөөсүн моюндган. Бирок, соттук териштирүүлөрдө «мен билбейм, ал Россияга кеткен, мен кылган эмесмин» деп моюнуна албай койду. Мен канчалык экспертиза берели деп аракет кылган сайын, сот дагы алардын эле арыз-муңун угуп туруп алды. Ага Кызыл-Жардагы психикалык ооруканадан кортунду чыгарып, «психикалык оорулуу» деп чыгарып алышыптыр. Сот анан «муну өзү каалабаса да мажбур иретинде дарылатыш керек» деп бошотуп жиберди. Азыр бул иш боюнча Ош облустук сотунда териштирүү жүрүп жатат. Ошондуктан, урматтуу С. Жапаров, К. Ташиев, ушул ишти тыкыр карап, өз көзөмөлүңүздөргө алып беришиңизди суранабыз»,- деди ал.
Амат Бенрдиев, маркумдун айылдашы, куралдаш досу. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы
Маркумдун куралдаш досу, айылдашы Амат Бердиев сот адилетсиз чечим чыгарганын, алар облустук сот да райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырса Жогорку сотко даттанышарын айтып, президенттен жана УКМКнын төрагасынан жардам сурады.