Жазуучу, активист Олжобай Шакирдин бөгөт чарасы өзгөрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку сот аны 3 жылдык мөөнөткө пробация колдонуу менен эркиндикке чыгарган.
14-майда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту акынды КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктар) боюнча күнөөлүү деп таап, аны беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Чүй облустк соту 5-июнда биринчи инчтанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Олжобай Шакир 2023-жылдын 24-августтунда УКМК тарабынан кармалган.