Жаратылышты коргоо – жалпыбыздын милдетибиз! Таштандыны туура таштоодон тартып, кадимки эле сууну үнөмдөп, өсүмдүктөр менен жаныбарларга залал келтирбөөгө чейинки аракеттерди ишке ашыра алсак, жаратылышты коргой алабыз. Айрыкча жапайы жаныбарларды жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо – экосистеманы сактоонун негизги аспектиси болуп саналат.
Кыргызстанда экосистема менен биоартүрдүүлүктү коргоо боюнча NABU Кыргызстан уюму дээрлик 10 жылдан ашык убакыттан бери алгылыктуу иштеп келет. Уюмдун жаратылыштагы сейрек кездешүүчү жаныбарларды менен жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча долбоорлору чынында өзгөчө чоң мааниге ээ.
Ак илбирсти жана анын жашоо ареалын сактоо алардын негизги жумушу. Мунун алкагында, бала бакчадагы бөбөктөрдөн тартып, мектеп окуучуларына, ЖОЖдун студенттерине жана жергиликтүү калкка жаратылышка аяр мамиле кылуу максатында экологиялык билим берип келишет. Ал эми мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштө мамлекеттик органдын өкүлдөрү менен тынымсыз рейддерди өткөрүп, браконьерлерди кармап, аларды укук коргоо органдарына өткөрүп беришет.
Аталган уюм Түштүк бөлүмүн ачканына бир жарым жылдан ашты. 23-октябрь – Ак илбирсти коргоонун Эл аралык күнүнө карата алардын акыркы эле айлардагы аткарган иштери тууралуу азыноолак айтып берүүнү туура көрдүк.
Алайда токойчулар менен жергиликтүү элдин катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү
Алгач КР ӨКМнин Алай токой чарбасынын токой кызматкерлери жана жергиликтүү тургундарга “Климаттык өзгөрүүлөрдүн токойлорго тийгизген таасири” аталышында тегерек стол өткөрүлгөнү тууралуу айтып берели. Анда токой чарбаларынын өзгөрүп жаткан шартка ыңгайланышы тууралуу маалыматтар айтылып, экологиялык кризистен чыгууда токойчулардын эмгеги чоң экени өзгөчө белгиленди.
Тренингдин жүрүшүндө 1880-2020-жылдар аралыгындагы изилдөөлөргө ылайык, дүйнөдө абанын температурасы 1 градус жогорулаганы экологиялык негизги көйгөй экени түшүндүрүлдү.
Соңунда NABU Кыргызстан уюмунун мүдүрү Толкунбек Асыкуловдун “Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары” китеби жана уюм тарабынан даярдалган календарь-плакаттар, таркатма материалдар белекке берилди.
Мындай окутуу семинарлары Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында тынымсыз өткөрүлүп турганын белгилей кетели.
Өлкө тарыхында биринчи жолу илек-илекке санак жүргүзүлдү
NABU Кыргызстан уюмунун Бишкек жана Ош шаарларындагы кызматкерлери өлкөбүздөгү илек-илектерди саноо иш-чарасын өткөрүштү. Анткени бул канаттууга быйыл дүйнө жүзү боюнча санак жүргүзүлүп жаткан.
Илек-илек же ак-кунастарды саноо иш-чарасы эки этап менен өткөрүү пландалган. Бири бул болсо, экинчиси октябрь айынын аягында өтөт. Ошентип Кыргызстанда канча илек-илек байыр ала турганы расмий белгилүү болот.
Илек-илектер негизинен Кыргызстандын түштүк аймагында: Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун айрым жерлеринде байырлайт. Алар саздак талааларга жакын жашап, бака, жылаан жана башка суу баскан аймактардагы майда жандыктар менен азыктанышат.
Анын илимий аталышы – Ciconia-ciconia. Бою – 100-120 см. Канаттарын жайганда 155-200 см.ге чейин жетет. Чоң илек-илектердин салмагы – 5 кг. Орто эсеп менен 20 жыл жашайт. Адистердин айтымдарында илек-илектердин кесикин азайып кетишине саздардын кургашы, дың жерлердин өздөштүрүлүшү себеп болгон. Убагында Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында кездешкен. Кийин таптакыр байырлабай калып, акыркы жылдары гана учуп келе баштаган. Бул ири куштарды кармоого 1952-жылдан тартып тыюу салынып, 1975-жылы Кыргызстандын “Кызыл китебине” киргизилген.
Шамалды-Сайдагы экосабак
Илек-илек санагынан кийин Жалал-Абад областынын Шамалды-Сай айылындагы № 55 К.Осмонкулов атындагы орто мектебинин окуучуларына “Ак кунас жаратылыш символу” аталышында экологиялык сабак өткөрүлдү.
Анын негизги максаты – мектеп окуучулар арасында экологиялык маданиятты жогорулатуу жана Шамалды-Сай айылында байырлаган ак кунастын жаратылыштагы орду, өзгөчөлүгү жана аларды сактоо ыкмалары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
Экологиялык сабак интерактивдүү оюн менен коштолуп, канаттуулар, алардын биологиялык өзгөчөлүктөрү жана экосистемадагы ролу жөнүндө кызыктуу маалыматтар айтылды.
Бул иш-чара курчап турган чөйрөнү коргоонун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга карай маанилүү кадам болуп калды жана жаш муундарда жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле жасоого өбөлгө болду.
Сөксөөл – кунарсыз талааны кулпунтат
Кыргызстанда кургакчылыкка каршы күрөшүү үчүн кунарсыз, чөл же жарым чөл аймактарды жашылдандыруу максатында, акыркы 20 жылдан ашык убакыттан бери сөксөөл бадалы эгилип келет. Бул өсүмдүк буга чейин Баткен облусунун бир топ аймагында өстүрүлүп келгени маалым. Акыркы жылдары Ысык-Көл облусундагы суусуз айрым аймактарга да отургузулууда.
“Бүткүл дүйнөлүк кургакчылыкка каршы күрөшүү күнүнө” карата, кургак жерлерди жашылдандыруу багытындагы аткарылып жаткан иш аракеттерди жайылтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу кургак жерлердин пайда болушун алдын алуу үчүн түшүндүрүү иши жүргүзүлдү. Тактап айтканда, NABU-Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери, Баткен облусунун Төрткүл айыл өкмөтүндө сөксөөл өстүрүп, климаттын өзгөрүүсүнө таасир этүү багытында атайын иш-чара өткөрүштү.
Сөксөөл (Haloxylon) – амарант түркүмүнө кирген уникалдуу бадал дарагы. Анын бою 1 метрден 12 метрге чейин жетет. Сөңгөгүнүн жерге жакын диаметри 50 см жоондукка чейин өсө алат. Негизинен суусуз, шор баскан жерлерде: кумда жана суу боюнда өсөт. Тамыры 12 метрге чейин тереңдикке кирип, нымды 30 метрдеги тереңдиктен тартып алчу кудуретке ээ. Кургак жерлерде өскөнү менен жер астындагы суусу бар кыртышты жакшы көрөт. Мындан улам суу тартыш аймактарда сөксөөлдү “Суу чалгынчысы” деп атап коюшат. Суу жер бетине жакын жерде өскөн бадал бийик болот. Сууну сиңирүүсү башка өсүмдүктөргө салыштырмалуу 100 эсе күчтүү. Анын 9 түрү кездешет. Эң көп кездешкени “кара сөксөөл” болуп саналат. Ошондуктан, Кыргызстанда чөлгө айланып кетүү коркунучу бар аймактарда, нымдуулукту сактап калуу үчүн сөксөөлдү гектарлаган жерлерге өстүрүү иши улантылууда.
Кара-Кулжада кармалган тоо теке жапайы жаратылышка кое берилди
Эми мыйзамсыз аңчылыкка каршы жүргүзүлгөн рейддер тууралуу кеп кылсак. Уюмдун Оштогу кызматкерлери жакында Кара-Кулжа районунун Айыр-Таш жайлоосуна жапайы тоо текени өзүнүн табигый жашоо чөйрөсү болгон жапайы жаратылышка кое берүүгө себепкер болушту.
Тоо текени буга чейин уюмдун “Барс-2” тобу менен Кара-Кулжа районунун аңчы адиси аталган аймактагы Жүлгүр жайлоосунда бир канча айдан бери короосундагы мал жандыктар менен кошо багып жүргөн жарандан алышкан болчу.
Жапайы жаныбар жаратылышка кое берилээри менен аска зоолорго качып чыгып кетти. Райондун аңчы адиси Жеңишбек Бекташевдин айтымында, аны Айыр-Таш жайлоосунун кийиктер көп жүрчү кыркаларынын бирине кое беришти. “Эми ал өз үйүрүн табаарына ишеним чоң”,-деди ал.
Ош облусунда жапайы жаныбарларды убактылуу кармоочу жана реабилитациялык борбор жок. Ошондуктан бул тоо теке район тургунунун короосунан алынып, андан кийин министрликтен атайын көрсөтмө келгиче, аңчы адис аны утурумдук үй шартында багып турду.
“Суулуу-Терек” реаборборунда чаарчык да багыла баштады
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы тоолордо кармалган чаарчык аталган уюмдун “Суулуу-Терек” реаблитациялык борборуна жеткирилди.
Буга чейин КР Экология министрлигине караштуу Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын Ноокен районунун кызматкерлерине жарандардын чаарчык кармап алганы тууралуу маалымат алышкан. Текшерүүнүн натыйжасында райондун Шайдан-Сай айылынын тургуну токойдон 3 айлык чаарчыкты кармап алганы аныкталып, ал министрликтин кызматкерлери тарабынан алынган.
Бул маалымат боюнча Экология министрлиги NABU Кыргызстан уюмуна, аталган жаныбарды убактылуу багып, убагы келгенде жаратылышка кое берүү өтүнүчү менен кайрылган. Мындан улам уюмдун Түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери райондун аңчы адиси Бейшен Кыдыковдун үйүндө 20 күндөй багылып турган чаарчыкты алып, Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан жапайы жаныбарларды калыбына келтирүүчү “Суулуу-Терек” раеблитациялык борборуна жеткиришти. Бул жерде чаарчык атайын жайда багыла баштады. Ал качан өз алдынча жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү жаралгандан кийин жапайы жаратылышка кое берилет.
Учурда аталган реаборбордо аюунун мамалагы, илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, бүркүт сыяктуу жаныбарлар калыбына келтирүү үчүн багылып жатат.
Ошто гималай кумайын кармаган жаранга айып пул салынды
Ош облусунун Ноокат районунда кызыл китепке кирген гималай кумайын (Cнежный гриф-Gyps himalayensis) кармаганы үчүн Шалдырама айылынын тургуну кармалды. Ал канаттууну учуп келип конгондо кармап, видеого тартып, ватсап группаларга таратып жиберген.
Мындан улам, NABU Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобунун кызматкерлери жана КР ЖРЭжТК министрлигинин Ош облусу боюнча биоар түрдүүлүк бөлүмүнүн ыкчам тобунун мүчөсү Төлөнбай Каримов менен биргеликте пландан сырткары рейд өткөрүштү. Натыйжада канаттууну кармаган адам колго түшүп, фактыны мойнуна алган.
“Кармалган кумайды учуруп жиберишкени аныкталды. Негизи кызыл китепке кирген жаныбарды кармаса да айыппул салынат. Бул факт боюнча акт түзүлүп, шектүүлөрдөн түшүнүк кат алынды. Ал эми өздөрүнө КР Укук бузуулар боюнча Кодексинин 262-берененин 1-бөлүгү менен (кызыл китепке кирген жапайы жаныбарды кармаганы үчүн) 20 миң сом айыппул салынды. Эгер атып, өлтүрүп салышса, Ички иштер бөлүмүнө акт аркылуу өткөрүлөт дагы, алар тергөө жүргүзүп, тиешелүү чарасын колдонмок”,-деди Т.Каримов.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 29-майында Алай районундагы Нура айылынан кызыл китепке кирген эки гималай кумайын мыйзамсыз аткан жарандар кармалып, аларга 200 миң сом доо коюлган.
Аталган канаттуу негизинен Кыргызстандагы Алай жана Тянь-Шань кырка тоолорун байырлап, аска зоолордо уялайт жана мал жандыктардын тарпы менен тамактанат.
Алайкууда мыйзамсыз кийик аткандар кармалды
Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылындагы Көк-Маңдай жайлоосунан мыйзамсыз кийик аткан төрт жаран кармалды. Тоо текени аткан жарандарды аталган NABU Кыргызстан уюмунун “Барс-2” тобунун жана Экотехинспекциянын Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери пландан сырткаркы биргелешкен рейдинин алкагында колго түшүрүштү.
Мыйзамсыз аңчылыкка шектелген жарандар токтотулуп, текшерүүгө алынган учурда, алардын куржунунан бир кийиктин эти жана төрт даана аңчылык куралы чыккан. Натыйжада акт түзүлүп, андан ары териштирүү максатында тиешелүү органдарына өткөрүп берилди.
Кошумчалай кетсек, сентябрь айынын башында NABU Кыргызстан уюмунун “Барс” тобунун кызматкерлери да Чүй обулсундагы “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркынын (МЖП) кызматкерлери менен биргеликте Көк-Ойрок участкасынан мыйзамсыз тоо теке аткан жарандарды кармашкан. Бул иш боюнча акт түзүлүп, Кемин РИИБга өткөрүлүп берилген.
2024-жылдын июль айында Кыргызстандагы жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аткандарга салынуучу айыппулдун суммасы жогорулаган. Мисалы, тоо текени уруксатсыз атканга мурда 100 миң сом айыппул салынса, азыр 300 миң сомго көтөрүлгөн. Ал эми мамлекеттик жаратылыш парктарында же корук зоналарында мыйзамсыз аткандарга бул акчанын эки эселенген суммасы салынат. Мисалы: “Чоң-Кемин” МЖПда мыйзамсыз тоо теке аткандарга 600 миң сом айыппул салынды.
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна пландуу рейд өткөрүлдү
Уюмдун кызматкерлери өлкөнүн бардык аймагында мыйзамсыз аңчылыкка каршы мамлекеттик органдар менен биргеликте тынымсыз рейддерди өткөрүп келишет. Алардын бири катары “Барс-2” тобунун Жалал-Абад облусунун Сузак районуна пландуу рейдин айтса болот.
Кызматкерлер тарабынан райондун Кара-Алма жана Таран-Базар айылдарынын жайлоолорунда, андан кийин Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман аймагына өтүүчү аймактар каралды. Андан сырткары, Ош-Бишкек альтернативдүү жолунда жаңы курулган тоннель тарапта жана Кулданбес жайлоолору текшерилди.
Бул жолку иш-чарада мыйзамсыз аңчылык кылган факт катталган жок. Бирок жүргүзүлгөн рейддердин саны көбөйгөнүнө байланыштуу, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү тургундарынын арасында мыйзамсыз аңчылыкка чыгуудан карманган учурлар көбөйгөнү тууралуу сөз жүрө баштады.
Араванда кызыл китепке кирген жаныбарды өлтүргөн жаран аныкталды
Ош облусунун Араван районундагы Күйгөн-Коро айылынын тургуну кызыл китептеги боз эчкемерди мыйзамсыз өлтүргөн. Алынган маалыматтардын негизинде, шектүү жарандын аракети NABU Кыргызстан уюмунун “Барс-2” тобунун кызматкерлери менен аталган райондун аңчы адиси тарабынан аныкталды.
Аталган факт боюнча акт түзүлүп, эчкемер экспертизага жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы менен бул иш сотко өткөрүлүп, жаранга тиешелүү мыйзамдарга ылайык, 20 миң сомдун 3 эселенген өлчөмүндөгү айыппул чегерилээри күтүлүүдө.
Мындан эки эки жыл башта БУУнун Өнүктүрүү программасынын атайын долбоорунун алкагында, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстандагы боз эчкемерлердин жашоо чөйрөсүн изилдешкен. Анын жыйынтыгында, алардын саны акыркы 20 жылдын ичинде эки эсеге кыскарып кеткен деген бүтүм чыгарылган.
Боз эчкемерлердин санынын азайып кеткенин – алардын эти менен майы кайсы бир ооруларга дары болот деген туура эмес түшүнүктөн улам, мыйзамсыз аңчылык кылып кармап, айрым учурларда өлкө ичине же чет мамлекеттерге сатуу аракети менен түшүндүрүшкөн.
Бул жаныбар Кыргызстандын кызыл китебине киргенине 35 жылдан ашты.
Даярдаган: А.Каракозуев.