Окуя болгон аймак. Сүрөт: З. Сыдыков
2024-жылдын 1-ноябрында кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө толук бир кылым толот. Жыл сайын 1-ноябрь милиция кызматкерлеринин күнү катары белгиленип, майрамдалып келет. Ушул даталуу күндү утурлай Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын улук инспектору, подполковник Замир Сыдыков буга чейин болгон үрөй учурган окуяны эстеп, милиция кызматкерлеринин түйшүктүү ишин айтып берди.
Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков
«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ачылган дагы бир өзгөчө оор кылмыш тууралуу айтып берейин деп турам. Албетте, ошол кездеги окуяны эстөө-кылмыштын бетин ачкан милиция кызматкерлери үчүн оор болсо, ал кылмыштан жабыркагандардын абалдары мындан дагы оор болорун билем жана кечирим сурайм. Бирок, күндүр-түндүр уйку бетин көрбөй кылмыш ачуунун артынан жүргөн менин кесиптештерим, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кыраакы кызматкерлеринин ак мээнетин эл билиши керек деп эсептеймин. Анан дагы ар бир кылмышка баруу алдында турган адам жасаган кылмышы үчүн эртеби-кечпи жооп бере турган күн сөзсүз келе тургандыгын билүүсу керек.Анда эмесе окуя боюнча кепке өтөйүн. 2017-жылдын 28-август кунү саат 10.00 чамаларында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринен үйрөйдү учурган кабар келип түшкөн. Анда “Тазалыктын” кызматкерлери Ош шаарынын түштүк-чыгыш тарабындагы Ош социалдык университетинин(азыркы Кыргыз-Өзбек университети) башкы имаратынын алдындагы таштанды салуучу чоң темир кутудан белгисиз аялдын башы жок, денелери кескиленген аялдын өлүгү чыккандыгы тууралуу маалымат беришкен. Жансыз денени адегенде таштандылардан түстүү метал издеп жүргөн лөлү тектүү аялдар көрүп калышып, ошол учурда келип калган “Тазалыктын” кызматкерлерине билдиришкен»,- деп эскерет З. Сыдыков.
Окуя болгон жерге Ош ШИИБнын ошол кездеги жетекчиси, милициянын полковниги Кылыч Жолдошов баштаган ыкчам тергөө тобу, прокуратуранын, соттук-медициналык экспертизанын өкүлдөрү ылдам барышкан. Таштанды салынган кутунун ичинен өзүнүн кийимдерине, шейшепке жана дубалга тартылуучу көшөгөгө оролгон белгисиз аялдын башы жок денеси алынып чыгып, кароо жүргүзүлгөн. Экспертиза кызматкерлеринин берген корутундусуна ылайык, аялдын жашы 50-55 жаш чамаларында болгон, башы жок, андан сырткары сан жиликтеринен кескиленип, ажыратууга жасаган аракеттери болгон.
«Ошол кездеги Ош ШИИБнын башчысы, милициянын полковниги чукул жыйын өткөрүп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлерине тез арада бул кылмыштын бетин ачуу тапшырмасын койгон. Бир нече божомолдор тузүлүп, алардын үстүнөн иштөө башталган. Биринчи кезекте маркум аялдын өздүгүн аныктоо зарыл эле.
Ош ШИИБнын кызматкерлери тынымсыз издөө иштерин башташкан. Аз аралыкта гана ондогон адамдар суралып, таштандыга келүүчү жолдор иликтене баштаган. Ошол кездеги саналуу видеобайкоочу камералар текшерүүгө алынган. Дененин кыргыздын улуттук көшөгөгө оролушунан улам ошол аймактагы кыргыз улуту көп жашаган Озгур, Төлөйкөн айылдарынан болушу мүмкүн делинип, аталган айылдын жашоочуларынын арасында ыкчам сурамжылоо иштери жүргүзүлгөн.
Тынымсыз милиция кызматкерлеринин аракетинин акыбети кайтып, эртеси, 2017-жылдын 29-август куну Ош ШИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан маркумдун өздүгүн аныктоо мүмкүн болду. Ал Чоң-Алай районунун тургуну, бир нече кун мурда Ош шаарынын А.Навои көчөсундөгү баласынын үйүндө убактылуу жашап турган 51 жаштагы аял болуп чыкты»,- деди З. Сыдыков.
Ошондой эле Сыдыков кылмышка шектелген аял кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында жалган көрсөтмө бере баштаган.
«Иликтөө иштеринин натыйжасында 2017-жылдын 29-август күнү өз кайненесин өлтүргөнгө шектүу катары маркумдун 25 жаштагы келини жана келиндин 37 жаштагы бир тууган эжеси кармалган. Адегенде келин өз кайненесин “кайын эжемдин үйүнө (маркумдун сиңдиси) кеткенине 2-3 күн болуп калды” деп жалган көрсөтмө берип, жоопкерчиликтен качууга аракет жасаган. Бирок, кыраакы милиция кызматкерлери анын эмоционалдык, психологиялык абалынан, берген көрсөтмөлөрүнүн дал келбей жаткандыктарынан улам анын бул кылмышка тиешеси бар экендигин аныкташкан. Натыйжада маркумдун 25 жаштагы келини өзгөчө оор кылмыш жасагандыгын моюнуна алып, окуя боюнча айтып берген. Анын берген көрсөтмөсүнө ылайык, шектүүнүн мындай оор кылмышка баруусуна кайнене менен келиндин ортосундагы көпкө созулуп келе жаткан пикир келишпестик себеп болгондугу айтылат»,- деди ал.
Кийинчерээк кылмышка шектелген келин күнөөсүн толук моюнуна алып, окуя кандайча болгонун айтып берген.
«Маалым болгондой, 2017-жылдын 26-августунда эртең мененки саат 7:00 чамасында келиндин күйөөсү адаттагыдай жумушуна кетет. Күйөөсүн жумушка узаткан келин бир аз эс алуу үчүн жатат. Ошол учурда кайненеси келинге нааразылыгын билдирип, анын уулуна татыктуу эмес экендигин айта баштаган. Маркум менен келиндин ортосунда чыр чыгып, кайненеси келинин уулу менен ажыраштыра тургандыгын айткан. Андан соң өзү жаткан бөлмөгө кирип, уктап жаткан. Болжол менен 9:00 чамасында келини ачууга алдырып, сырттан таш алып келип, кайненесинин башына бир нече жолу урган. Анын өлүп калгандыгын билген соң өзүнүн бир тууган эжесине телефон аркылуу айткан. Окуя маркумдун баласынын Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан үйүндө болгон. Эже-сиңди экөөлөп аялдын башын кесип, денени дагы бөлүктөргө бөлүүгө аракет жасашып, кескилешкен. Бирок, майнап чыкпай, шейшепке, көшөгөгө ороп, чоң баштыктарга бөлүп салгандан кийин, денени кечинде такси менен жогоруда белгиленген даректеги таштанды челекке таштап кетишкен. Денени көтөрө албай калышып, таксисти жардамга чакырышкан. Таксистке: ”эски буюмдарды ыргытып жатабыз”,- деп коюшкан. Ал эми денеден бөлүнгөн башты башка даректеги, ошол кездеги Ю.Гагарин көчөсүндөгү таштандыга ташташкан. Уйдөгү кандын тактарын жууп, кетирүүгө аракет жасашкан. Ушундай жол менен алар маркумдун таанылбай калуусун, демек өздөрүнүн кылмышын жашырууга аракет жасашкан. Тергөө иштеринин жүрүшундө милиция кызматкерлери, маркумдун туугандары жана ыктыярчылар менен биргеликте таштанды талаасынан бир нече күн бою маркумдун баш бөлүгун издешкен. Жыйынтык чыккан эмес»,- деди З. Сыдыков.
2018-жылдын 2-февраль күнү Ош шаардык соту тарабынан бул кылмыш иши боюнча чечим кабыл алынган. Ош шаардык соту кайненесин таш менен уруп өлтүрүп, башы кесилген сөөктү таштанды челекке ыргытып салган келинди 20 жылга эркинен ажыраткан. Соттолгон келин жазасын аялдардын катуу тартиптеги абагында өтөмөк болгон. Ошондой эле аталган аялга 10 миң сом айып пул салынган.
«Ал эми айыпталган келиндин 37 жаштагы эжеси «өлгөн адамдын денесин мазактады» деп, 4 жыл 6 айга түрмөгө кесилди. Ал жазасын аялдардын жалпы тартиптеги абагында өтөйт»,-деп билдирген Ош облустук сотунун ошол кездеги басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов.
Жасаган кылмыш-жоопкерчиликсиз калбайт. Бул окуя жаштар үчүн өзгөчө оор кылмыш катары катары гана эмес, сабырдуулукка, адамгерчиликке чакырган окуя, макала болуп калышы керек, деп эсептей З. Сыдыков.
«Албетте, бул кылмыштын бетин ачууга болгон аракетин жумшаган Ош ШИИБнын ошол кездеги башчысы Кылычбек Жолдошовдун, тергөөчү Азамат Садыковдун (учурдаОш ОИИБде тергөөчу), кылмыш иликтөө бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам кызматкери Залкарбек Сарыковдун (учурда Чоң-Алай РИИБ башчысы), Жоодар Эргешовдун (учурда Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары), ыкчам кызматкер Медербек Асановдун, аймактык тескөөчү Улан Пазыловдун эмгектери алкышка арзыйт. Албетте, бул кылмыштын бетин ачууга салым кошкон бир нече милиция кызматкерлери дагы болушу мүмкүн. Эгерде алардын аттары аталбай калсам кечирим сураймын. Ошондой эле кылмыштын бетин ачууга жардам берип, жарандык милдеттерин аткарышкан эки такси айдаган жарандарыбызга дагы дагы ыраазычылык билдиребиз. Ошентип, Ош шаарынын элин дүрбөлөңгө салган өзгөчө оор кылмыштын бети Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кыраакы, кесипкөй кызматкерлеринин жардамы менен бети ачылган»,- деди Замир Сыдыков.