Абдымалик Карачев менен Орозобек Токтомамбетов Дүйнө чемпионатында (U-23) күмүш медалга ээ болушту.
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Абдымалик Карачев жана Орозобек Токтомамбетов Тирана шаарында (Албания) өтүп жаткан 23-жашка чейинки спортчулардын арасындагы Дүйнө чемпионатында 2-орунду ээлешти.
Абдымалик Карачев 57 кг чейинки салмак чен бирдигинде финалга чыкканга чейин Кытай, Америка жана Иран Ислам мамлекетинин балбандарын жеңген. Ал эми алтын медаль үчүн кармашта индиялык спортчу Чираг Чирагга жеңилип, өз салмагында күмүш медалга ээ болду.
Орозобек Токтомамбетов 74 кг чейинки салмакта Азербайжан, Түркиянын, Россия балбандарын утуп, финалда жапониялык спортчу Кота Такахашиге жеңилип, өз салмагында күмүш медалга ээ болду.