Ош шаарында арыздарды кабыл алуу үчүн 3 пункт иштеп жатат. Аралыктан добуш берүүнү каалагандар 2-ноябрга чейин кайрыла алышат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаарында аралыктан добуш берүнүн каалагандар үчүн 3 пункт ачылды.
Алар:
- А.Навои атындагы орто мектеби (А.Масалиев көч., 37);
- Ош мамлекеттик университети (В.Ленин көч., 331);
- Калкты тейлөө борбору ЦОН (Т.Касымбеков көч., 8г/1).
«Ошондой эле «электрондук арызды» «tizme.gov.kg» сайтындагы «Шайлоочунун кабинети» аркылуу берүүгө болот»,- деп айтылат маалыматта.
Баардык суроолор боюнча телефон – 1255.