Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 16-октябрда Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын: 49 жаштагы К.Б. жана анын 9 жаштагы уулу С.Б. издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды, деп жарыяланды президенттин сайтына.
Маалыматка караганда, издөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дрондор дагы колдонулмакчы.
«Учурда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да жүргүзүлүүдө, анткени Көкөмерен дарыясы бул районго тез агып барат»,- деп айтылат маалыматта.