Бүгүн, 31-октябрда Ош-Ноокат автожолунун жаңыланган жана кеңейген бөлүгүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев, район жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты.
Анда облус жетекчиси сөз сүйлөп, аталган жолдун абалы мурда бир топ көйгөй жаратып келгенин, жолго жыл сайын оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлгөнү менен анын техникалык абалы кескин начарлап, жол тыгындары пайда болуп, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздыктар жаралып, эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бирине айланып келгенин белгиледи.
“КР Президенти Садыр Нургожоевичтин аймактарга өзгөчө көңүл буруу жана өнүктүрүү саясатынын негизинде Ош облусунда бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда. 2023-жылы облус боюнча жол тармагында жалпы 112,6 чакырым жолго асфальт төшөлсө, 2024-жылдын тогуз айлык жыйынтыгы менен Ош облусунда дагы 99,11 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Анын ичинен 17,53 чакырымы ушул Ош-Баткен-Раззаков автожолунун эки катмарлуу асфальт туура келет. Мунун баары өлкө башчыбыздын аймактарды колдоого алган ишенимдүү саясатынын натыйжасы десек болот. Бул жолдор биздин облустун тургундары үчүн гана эмес, Баткен облусунун менен байланышты бекемдөөгө дагы кызмат кылат. Дагы баса белгилеп кетүүчү нерсе бул иштин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин эмгеги чоң”, — деди Эльчибек Джантаев
Ошондой эле 2025-жылы Ош-Баткен-Раззаков автожолунун калган бөлүгүн асфальттоо пландалып жатканы, бул иштер аткарылса Ош менен Баткен облустарын байланыштырган негизги жол каттамы толук оңдолуп бүтөт.
Ош-Баткен-Раззаков эл аралык маанидеги автоунаа жолунун Ноокат районун аралап өткөн эң орчундуу бөлүгү 13,5 чакырым аралыгынын экинчи катмары толук төшөлүп бүткөн.
Ноокат шаарын аралап өткөн эл аралык маанидеги жолдун 34-40-чакырым аралыгы 4 тилкелүү болуп салынып, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуар куруу иштери аяктап калган.
Аны менен катар Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы Абшыр-Сай көпүрөсү жана 43-чакырымында жайгашкан Чили-Сай көпүрөлөрү толугу менен жаңыдан курулуп бүткөрүлдү. Ал эми жолдун 29-чакырымындагы Кыркол-Сай көпүрөсүн куруу иштери 80 пайыз аяктап калды. Негизинен жалпы жумуштар планга ылайык жүргүзүлүп, өз убагында аяктады.