Буга чейин АФКнын оюндарына Кыргызстандын атынан «Алай» менен «Дордой» клубдары катышып жүрдү. Тилекке каршы эки клуб тең канчалык аракет кылбасын АФКнын тайпалык этабынан өтө алышкан жок.
«Базарчылар» Тажикстандын «Истиклол» (АФКнын эки жолку финалисти) клубунан, «Алай» болсо Түркмөнстандын «Алтын-Асыр» клубунан жеңилип аткан. Кыскасын айтканда, кыргыз клубдарын түркмөн менен тажик клубдары эле жүдөткөн. Мына ошол себептүү, кыргыздын дөө-шаа клубдары делген «Дордой» менен «Алай» тайпалык этабда уламдан улам эле жеңиле берип, Кыргыз Премьер-Лигасынын коэффициенти түшүп кеткен. Деген менен былтыркы жылы «пивочулар» биринчи эле эл аралык сезонунда жарым финалга чейин жетти.
Эл аралык мелдешке эң көп катышкан кыргыз клубдары
Кыргызстандын ички чемпионатынын атынан эл аралык оюндарда эң көп жолу ойногон эки клуб – «Алай» жана «Дордой» клубу болуп саналат.
«Алай» клубу 2015-жылы чемпиондукту майрамдап жаткан учуру.
«Алай» клубу 2013-жылы өзүнүн тарыхында алгачкы ирет чемпион болуп, Кыргызстандын кубогунда биринчи ирет утууга жетишкен. Бул жыйынтык «Алайды» АФКнын экинчи маанидеги – АФКнын Кубогуна катышууга укук берген.
2014-жылдын 4-февралында Оштун клубу АФКнын квалификациялык раундунда Палестинанын чемпиону – «Аль-Дахрия» клубу менен конокто ойноп, оюндан кийинки пенальтилер сериясынан 8:7 эсебинде утуп, АФК Кубогунун тайпалык раундуна чыгууга жолдомо алган.
«Алай» АФКнын Кубогунун D тайпасында Бахрейндин «Риффа», Иорданиянын «Шабаб» Аль-Ордон, Ирактын «Эрбил» клубдары менен бирге жайгашкан. Тайпалык раунддагы 6 оюнда «Алай» клубу «Шабаб» клубу менен өз үйүндө тең ойноо менен болгону 1 упай алууга жетишкен. Калган клубдардын баарынан жеңилген.
Ош шаарынын клубу 2015-жылы АФКнын Кубогунун тайпалык оюндарына чыгуу үчүн ливандык «Триполи» клубуна утулуп калып, эл аралык оюндардан кур калган. 2017-жылы Түркмөнстандын «Алтын-Асыр», Тажикстандын «Истиклол», Бишкектин «Дордой» клубу менен тайпалык раундда ойноп, алардын ичинен «Дордой» клубун гана жеңип, тайпадан чыга алган эмес. 2018-жылы эки түркмөн клубдары – «Алтын-Асыр», «Ахал» жана Тажикстандын «Истиклол» клубдары менен тайпалык раундда ойноп, бардык оюнда утулган. Акыркы жолу Оштун клубу АФК Кубогунун тайпалык этабына 2021-жылы катышкан. Анда F тайпасында Өзбекстандын Карши шаарынын «Насаф», Түркмөнстандын «Алтын-Асыр», Тажикстандын «Худжанд» клубдары менен тайпалык раундда ойноп, баарынан утулган.
«Дордойдун» АФКдагы жолу
«Дордой» клубунун эски курамы
2015-жылдын февралында «Дордой» АФК Кубогундагы дебютун Түркмөнстандын «Ахалына» утулуу (1:0)менен баштаган.
2017-жылы «Дордой» Кыргызстандын Кубогундагы жеңишинин аркасында АФК Кубогунун биринчи тандоо раундуна катышуу укугуна ээ болгон. 2017-жылдын 31-январында «Дордой» Оштогу А.Сүйүмбаев стадионунда түркмөнстандык “Балкан” клубу менен 1:1 эсебинде ойногон. Бир жумадан кийин Түркмөнстандын Балканабатында Руслан Сыдыковдун командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен.
АФК Кубогунун кийинки айлампасында “Дордой” Тажикстандын вице-чемпиону “Хосилот” клубу менен беттешти. Оштогу стадиондо «Дордой» жеңишке жетип (1:0), Дүйшөмбүдө өткөн беттеш тең чыгуу (1:1) менен аяктаган. Бул ийгилигинин аркасында “Дордой” өз тарыхында биринчи жолу АФК Кубогунун тайпалык раундуна чыкты. Бирок, анын натыйжасында ал тайпада үчүнчү орунду гана камсыздады.
Бир жылдан кийин, 2018-жылы Александр Крестининдин келиши менен «Дордой» кайрадан Кыргызстандын Кубогун жеңип, АФК Кубогуна катышуу укугуна ээ болду. Бирок ал турнирдин биринчи айлампасында эле түркмөндөрдүн «Ахалынан” жеңилди. Үйдө 1:3 жана Балканабадда 2:2 эсеби катталды.
2018-жылы команда алтын дублга жетишип, Кыргызстандын Кубогун да, Кыргызстандын чемпионатын да жеңип алган. Өлкө чемпиондугундагы ийгилигинин аркасында «Дордой» АФК Кубогунун тайпалык раундунан баштоого укук алган. Бишкекте өткөн биринчи турда түркмөнстандык “Алтын Асыр” менен тең чыгуу (1:1) катталган. Андан соң тажикстандык “Худжанд” (1:3) жана “Истиклол” (1:4) клубдарынан эки жеңилүү ызасын тарткан. Бирок кийинки өз үйүндөгү оюнда «Дордой» «Истиклолдон» жеңишти (2:1) тартып алган. 2021-жылы АФК Кубогунун E тайпасында «Ахал», Тажикстандын «Равшан» клубдары менен чогуу ойноп, «Ахалга» жеңилип калып, плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.
Ошентип, эл аралык беттештерге көп жолу катышкан эки кыргыз клубун жолу болбой, плей-оффко жолдомо ала алган жок.
Кыргыз футболундагы жаңы доор
«Абдыш-Ата» футбол клубу
2023-жылы “Абдыш-Ата” клубу өз тарыхында алгачкы ирет АФК Кубогунун тайпалык оюндарына катышуу укугун алып, Е тайпасында “Алтын-Асыр”, “Мерв”, “Равшан” клубдары менен бирге жайгашып, тайпалык оюндардын жыйынтыгында 13 упай менен биринчи орунду ээлеп, плей-оффко жолдомо алган. Бул жыйынтыгы менен Канттын клубу кыргыз клубдарынын ичинен алгачкы ирет АФК Кубогунун плей-оффуна чыккан клубга айланган. Интерзоналык жарым финалда Канттын клубу Тайвандын “Тачунг Футуро” клубуна каршы ойноп, жалпы эсеп менен алганда 8:1 эсебинде уткан. Бул жыйынтыктан кийин “Абдыш-Ата” АФКнын интерзоналык финалына жолдомо алган алгачкы кыргыз клубуна айланган. Бул раундда Канттын клубу Австралиянын “Сентрал Коуст Маринерс” клубу менен кез келип, эки оюндун жыйынтыгы менен жеңилип калган. Бирок, ошондой болсо да Кыргызстандын ички чемпионатында ойногон бир дагы клубу бул раундга чейин жетпей калган.
Быйыл Азия футбол конфедерациясынын лигасы Чакырыктар Лигасы деп аталып, «Абдыш-Ата» ооган клубун жеңип, тайпалык оюнга жолдомо алган. Тайпалык этабдын биринчи оюнунда минималдык эсеп менен жеңип, капчыгына 3 упай салган болсо, Түркмөнстандын «Аркадаг» клубуна 2:0 эсеби менен утулуп калды.
https://www.youtube.com/watch?v=ULc4gMNWMCw
Эгер «пивочулар» бул сезондо Чакырыктар Лигасынын тайпалык этабынан чыга албай, жеңиле турган болсо, Кыргызстандын чемпионаты Азиянын клубдар аралык чемпионатынын эң төмөнкү ченинде кала бермекчи. Бирок, ошондой болсо да «Абдыш-Атанын» тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү сакталуу бойдон турат. Ал кезектеги оюнунда жеңишке жетишсе, плей-оффко жолдомо алат.
Футболду өнүктүрүүдөгү Грузиянын ыкмасы
Мындай эл аралык оюндарда жеңүүчү болуш үчүн ички чемпионатты күчтөндүрүш керек. Кантип деп турсаңыз, Грузиянын ыкмасын сунуштайт элем. Грузияда мамлекет тарабынан клубдарга акчалай жардам берилип, акыркы учурларда таланттуу футболчулары Европанын Топ 5 лигасында ойноп жаткан чагы. Жогорудагыдай иштердин натыйжасында Грузия Европа чемпионатына да чыгып, өз күйөрмандарын кубандырды.
Болбосо, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстанга окшош өлкөлөрдө бир эле клубга басым жасалып келет. Алсак, Тажикстандын «Истиклол» клубу президенттин үй-бүлөсүнө тиешелүү деп айтышса, «Алтын-Асыр» клубу да дал эле ошондой негизде Түркмөнстанда өз гегемониясын жүргүзүп келди. А бизде Салымбеков акча салып, «Дордойду» бир нече жыл сүрөп жүрдү. Бирок, ал клуб деле эл аралык аренада жыргатып жиберген жери жок. А азыр болсо «Мурас Юнайтед» клубу Ташиевдерге тиешелүү деп айтылып жүрөт. Ал клубдун финансылык потенциалын көрүп жатабыз. Орусиядан футболчуларды алып келүүдө. Түзүлгөнүнө эки жыл болгонуна карабай Кыргызстандын кубогун эки жолу утту. Кийинки жылдардан чемпионатты деле утарына көзүм жетет.
Менин айтайын дегеним, ички чемпионат кайсыл бир клубдун чемпионаты болуп калбашы керек. Интрига жаралып, баланс болуп туруш үчүн мамлекеттик колдоо керек.
Айтмакчы, «Абдыш-Ата» жеңген түркмөн клубу – «Аркадаг» да Түркмөнстандын жогорку адамдарына тиешелүү экени тар чөйрөдө кеп болууда.
Блогдун автору: Бексултан Нуркамил уулу