Нурлан Мотуев кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 31-октябрда билдирди.
Маалым болгондой, 16-октябрда шаардык милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда Мотуев өзүнүн @nurlan_motuev_official аккаунтунда улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө карата терс ой-пикирин айткан видеону жарыялаганын айтышкан.
Бул факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү башталып, анын алкагында экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында Мотуевдин сөздөрү улуту боюнча адамдын артыкчылыгын , кемчилигин пропагандалоону камтыганы жана изилдөө үчүн берилген материалдарда улуттар аралык кастыктын лингвистикалык белгилери бар экени аныкталды, деп билдирди Бишкек ШИИБ.
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу») менен кылмыш иши козголуп, Нурлан Мотуев убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
😱😱