Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-ноябрда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди, деп жазат «АКИпресс».
Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчыларынын тар форматтагы сүйлөшүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган. Анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат.
Сапардын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.
Азымбакиев 6-ноябрда Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышарын белгиледи.