Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 4-ноябрда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, эл аралык «Манас» аэропортунда Түркиянын лидерин президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулуп, Ардак кароол тизилди.
Улуттук кийимчен кыздар Режеп Тайып Эрдоган менен саламдашып, ага гүл жана боорсок менен бал сунушту.
Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз жана түрк музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин концерттик программасын көрүштү.
«Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн Президенттеринин чакан курамдагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташтыктын жогорку кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат. Сапардын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда»,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, 6-ноябрда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат.
Мындан сырткары, Венгериянын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. Венгриянын Премьер-министрин “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Расмий сапарынын алкагында Виктор Орбан Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелери талкууланып, кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлат.
Белгилей кетсек, Виктор Орбан ошондой эле ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышат.
Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркия Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.