Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен болду. Бул тууралуу «АКИпресс» басылмаы жазды.
Маалыматка караганда, Түркиянын президенти 4-6-ноябрь күндөрү Кыргызстанда расмий сапар менен болот. Садыр Жапаров «Ынтымак ордолор» уюштурулган жыйын учурунда Түркия тарап Кыргызстандан тышкы карызын кечкенин маалымдады.
«Урматтуу президент мырзанын Кыргызстандын Түркияга болгон тышкы карызын кечүү боюнча кабыл алган чечимине терең ыраазымын», — деди ал.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын июль айына карата Кыргызстандын Түркияга болгон тышкы карызы 62,35 млн доллар болгон.
Ал учурда Кыргызстандын тышкы карызынан кечилген суммасы 41,5 млн долларды түзөт.