Алдын ала маалыматтар боюнча, АКШдагы президенттик шайлоодо Республика партиясынан талапкер Дональд Трамп 211 шайлоочулар коллегиясынын, Демократиялык партиянын талапкери Камала Харрис 153 шайлоочулар коллегиясынын добушун алды, деп маалымдайт «Би-Би-Си».
Талапкерлер жеңиш үчүн шайлоочулар коллегиясынын жалпы 538 добушунун кеминде 270 алышы керек.
Шайлоодо чечүүчү роль ойной турган жети штат: Аризона, Жоржия, Мичиган, Невада, Түндүк Каролина, Пенсильвания жана Висконсин.