Ленин чокусунда каза болгон 68 жаштагы орусиялык альпинисттин өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, окуя 27-июль күнү Ленин чокусунда катталган.
«2024-жылдын 27-июль күнү Ленин чокусунда 1956- жылы туулган Фефелов Александр Петрович атту альпинист каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Аба ырайына байланыштуу альпинистин сөөгүн алып түшүшө элек. Бүгүнкү күндө иш-аракеттери жүрүп жатат. Сөөгүн алып түшкөндөн кийин дагы толук маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин «Ош жаңырыгы» 18-июль күнү орусиялык дагы бир альпинист 1965-жылы туулган Евгений Банников көчкү астында калып каза болгонун жазган.