Свердлов райондук соту 1-ноябрда Нурлан Мотуевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди, деп жазат «АКИпресс».
Ал 29-декабрга чейин үй камагында болот.
Мотуевдин кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды.
Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча шектелүүдө.
Анын социалдык түйүндөгү баракчасына жарыяланган видеосу/посту боюнча адамдын артыкчылыгын, кемчилигин пропагандалоону камтыганы жана изилдөө үчүн берилген материалдардан улуттар аралык кастыктын лингвистикалык белгилери бар экени аныкталган.
Мотуев социалдык түйүндөрдө бир катар жарандарды адамдыктыкка айыптаган. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев да бул маселени көтөргөн. Буга ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев милиция Мотуевге карата иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирген.