Бүгүн, 5-ноябрда Кант шаарында жаңыланган «Нитро Арена» спорт комплексинде Премьер-Лигасынын 2024-25-туру алкагындагы «Абдыш-Ата» менен «Дордойдун» жолугушуусу орун алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 5-ноябрь күнү өткөн суперклассико беттеши 2024-жылкы сезондун чемпиондугу үчүн күрөштө чечүүчү болуп, бүйүр кызыткан жана көз жоосун алган учурларга бай болду.
«Оюн талаа ээлери 1-0 эсебинде борбор калаалык клубду жеңип, мөөнөтөн мурда Кыргыз Республикасынын чемпиону болушту. «Абдыш-Ата» катары менен үчүнчү ирэт өлкө чемпиону аталды. Команданы сыйлоо аземине Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, КФБ Аткаруу комитетинин мүчөсү Аскар Салымбеков, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын вице-президенти Ильгиз Садыралиев жана «Абдыш-Ата» футболдук клубунун президенти Советбек Сакебаев катышышты»,- деп айтылат маалыматта.
Кыргыз футбол биримдигинин жетекчиси чемпион командага 50 000 АКШ доллардык сыйлык сертификатын ыйгарды.