АКШнын сенатына шайлоодо республикачыл партиянын өкүлдөрү көп добуш топтоодо. «Reuters» жазгандай, алар Батыш Виржиния жана Огайодо топтолгон добуштардан улам Конгресстин Жогорку палатасынан көп орун ала алышты, деп жазат «АКИпресс» басылмасы.
Маалыматка караганда, Батыш Виржинияда Жим Жастис демократиялык партиянын өкүлү Жо Манчиндин ордуна келсе, Огайодо Берни Морено учурдагы сенатор Шеррод Браунду ашып өткөн. Бул 2 жеңиш республикачыларга Конгресстин 100 орундук Жогорку палатасынан эң аз дегенде 51 орун алууга жардам берген.
Ошондой эле, республикачылар Пенсильвания менен Түндүк Каролинада демократтардан көп добуш алып, Өкүлдөр палатасында да үстөмдүк кыла алышат. Жалпы 435 орундук палатада көпчүлүк орунду ээлеш үчүн республикачылар кеминде 6 штаттан кем эмес добуш алышы шарт. Шайлоонун жыйынтыгы бир нече күндөн кийин чыгары маалымдалды.
«Азаттык» радиосунун сайтындагы АКШдагы шайлоонун он-лайн картасына ылайык, Дональд Трам шайлоочулар коллегиясынын 267 добуш, Харрис 214 добуш алган.
Карта: «Азаттык».
Бул арада Дональд Трамп өзүн АКШнын 47-президенти деп атап, колдоочуларынын алдында сүйлөгөнүн «Осторожно, новости» телеграм-каналы жазды. Ал эми шайлоо боюнча расмий жыйынтык 3 күндөн кийин чыгары айтылууда.