![Быйыл Ош облусунда 30 мектептин курулушу аяктайт Быйыл Ош облусунда 30 мектептин курулушу аяктайт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/07/osh-mektep.jpg)
Ушул жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунда 30 мектеп бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.
Анын айтымында, өткөн жумада ал ар бир мектептин курулушу менен таанышып чыкты.
«Азыркы учурда куруу иштери жигердүү уланууда», — деди ал.