![«Дордой» базарында жарандар эвакуацияланды «Дордой» базарында жарандар эвакуацияланды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/07/dordoy-alkan-bomba.jpg)
«Дордой» соода комплексинин аймагындагы «Алкан» базарында бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Мындан мурда «102» кызматына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, милиция кызматкерлери базардын аймагын курчоого алышкан. Базарга келгендер жана кызматкерлер эвакуацияланып, бомбаны ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору издешкен.