![ИИМ: Динара Кутманбаеванын уулу Түркияда уурдалган эмес ИИМ: Динара Кутманбаеванын уулу Түркияда уурдалган эмес](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/07/dinara-kutmanbaeva.jpg)
Мурдагы экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов Түркияда уурдалган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 28-июнунда ИИМдин Тергөө кызматына 1960-жылы туулган К.С. кайрылган. Ал Түркияда жүргөн К.С.Кутманов аттуу баласын белгисиз адамдар уурдап кетишип, 600 миң доллар талап кылышканын айткан.
Факты каттоого алынып, териштирүү башталган.
Текшерүүдө К.К. 2023-жылдын 29-майында Кыргызстандан Казакстан Республикасы тарапка кеткени белгилүү болгон. Казакстандын Ички иштер министрлигинин көмөгү менен К.Кутманов 29-майда Алматы-Вьетнам рейси менен учкан. 13-июнда Вьетнам-Алматы рейси менен кайра келип, андан соң Россияга Алматы-Москва каттамы менен учуп кеткени аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан такталгандай, К.К. Алматы-Москва рейси менен Россия Федерациясына барган, 14-июнда Москва-Цюрих-Дубай каттамы менен учуп, кайра 19-июнда Дубай-Москва рейси менен Россияга кайтып келген. Андан соң Москва-Стамбул рейси менен Түркияга учуп кеткен.
Түркиянын Ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан К.К. 2023-жылдын 19-июнунда Москва-Стамбул каттамы менен Стамбулга барганы аныкталган.
10-июлда К.К. Түркиянын Стамбул шаарынын полициясына уурдалгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган, бирок түрк полициясы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларда уурдоо фактысы тастыкталган эмес.
УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын өндүрүшүндө эко-фонддогу коррупция боюнча иш каралууда. Жемкорлукка шектелип 1989-жылы туулган Х.Ш.Т. 13-июнда (ошол күнү К.К. Алматы-Москва каттамы менен учуп келген) кармалып, СИЗОго киргизилген. Кармалган жаран К.Кнын жакын досу.
2023-жылдын 27-июнунда К.К. мамлекеттер аралык издөөгө алынган.
11-июлда К.К. миграция кызматы тарабынан кармалып, учурда аны Кыргыз Республикасына депортациялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси чечилип жатат дешет министрликтен.