Белгилүү алып баруучу Каниет Жыргалбеков Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын «Музыка» телеканалынын продюсери болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган УТРКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, «Музыка» телеканалынын буга чейинки продюсери Айзада Жамгырчиева өз арызы менен иштен кеткен.
Жыргалбеков буга чейин Манас Жаңырыгы телеканалында, Марал радиосунда жана Бешинчи каналда алып баруучу жана продюсерлик кызматтарды аркалап келген.
Белгилей кетсек, Музыка телеканалы 2012 жылдын 1-октябрынан тарта иштеп, кыргыз аткаруучуларынын хит ырларын, эң мыкты клиптерин жана концерттерин, ошондой эле музыкалык жана кызыктуу көрсөтүүлөрдү тартуулап келет.