![Ленин округу боюнча шайлоочулар тизмеси такталды Ленин округу боюнча шайлоочулар тизмеси такталды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/07/lenn-okrugu-shayloo.jpg)
Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунан добуш берүүчүлөрдүн болжолдуу тизмеси такталды. Ага ылайык, 10-сентябрда 127 819 шайлоочу добуш бере алат.
Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалыматта айтылгандай, шайлоочулар 25-июлдан 30-августка чейин тизмеде бар-жогун «Тизме» порталынан текшере алышат. Тизмеден өзүн таба албагандар аймактык шайлоо комиссиясына паспорту менен барып, тактоо үчүн арыз менен кайрылышы керек. Арызды аталган порталдагы «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу электрондук түрдө да берүүгө болот.
Аталган округдан Жогорку Кеңеш депутатын шайлоо 10-сентябрда өтөт. Шайлоого азырынча 8 талапкер катталган, арасында аялдар жок. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 10-августта аяктайт.