-Алтынбек мырза саламатсызбы? Ош шаарынын Деталдык пландоо долбоору (ПДП) жакында кабыл алынмак, бирок дагы жылдырылып кеткенин уктук. Өзү эмне үчүн кечигип атат? 2019-жылы эле аягына чыгып, кабыл алыныш керек эле го?..
-Саламатчылык. Негизи 2016-жылы Ош шаарынын Башкы планы бекитилгенден кийин 2017-жылдары техникалык тапшырмалар берилген. Ага ылайык Башкы пландын авторлору, Мамлекеттик долбоорлоо институтунун иерархиясы боюнча, биринчи Башкы план, андан кийин деталдык пландоо долбоору болуп кеткен. Башкы план бүткөндөн кийин Деталдык пландоо долбооруна техникалык тапшырмалар даярдалып, 3 тараптуу келишим түзүлгөн. Анда Ош шаарынын мэриясы буйрутмачы болуп, анын расмий өкүлү биз, шаардык архитектура дайындалганбыз. Келишимдер түзүлүп, бардык тиешелүү процедуралар өткөрүлгөндөн кийин Деталдык пландоо долбоору боюнчажумуш башталган. Анын эки этабы бар. Биринчисинде белгиленген тартипте колдоого алынып, экинчи этабына келгенде маселелер пайда болгон. Негизи деталдык пландоо долбоорунун биринчи жана экинчи этабы 2019-жылы 31-декабрда эле бүтүш керек болчу.
-Эмнеге кармалып калды анан?
-Эмнеге дегенде 2019-жылдын аягы, 2020-жылдын башында пандемия башталып кетти. Анда эч ким иштебей калбадыбы. Ошонун айынан майга чейин кармалды. Бирок кийин жыйындарды токтоосуз өткөрө баштадык. Анткени коомчулукта да, мэриядан да, шаардык кеңештин депутаттарынан да: “Эмнеге токтолуп турат?”,-деп көп суроолор бериле баштады. Ошентип кармалуунун бирден бир себеби пандемия болуп калса, экинчи себеби Мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан да кечигип калды, анткени биз алар бүткөн материалдарды ордунда көрөбүз дегенбиз. Алар жумуш 80 пайызга чейин бүттү дегенинен биз ордунда көрөбүз деп мэриянын атайын буйругунун негизинде төмөнкү жана жогорку деп эки комиссия түзгөнбүз. Алар тактоо иштерин жүргүзүп, эбегейсиз көп жыйындарды өткөргөн. Тактап айтканда, төмөнкү комиссия 38 жыйын өткөрсө, жогорку комиссия 30дан ашуун жыйын өткөргөн. Бул деген өтө чоң сан. Тактоо максатында жыйындар тынбай болуп турган.
Анан Сулайман-Тоо ЮНЕСКОго кирген да, ошол боюнча анын айланасындагы коргоо аймактары боюнча Маданият министрлигинин алдындагы “Кыргыз реставрация институту” тарабынан, тоонун аянтын чоңойтуп жиберген деген максатта депутаттар менен атайын түзүлгөн комиссия каршы болуп чыгышты. Анткени курулушка сапаттуу делген жакшы жерлер бош болуп, анын баары Маданият министрлиги менен макулдашылгандыктан, бул нерсе бюрократияны пайда кылат деген мааниде каршы болушкан. Ушул маселенин айланасындагы жыйындар айдан айга жылып жүрүп, деталдык пландоо долбоорунункабыл алынбаганына да ушул себепкер болгон.
Ал эми “Кыргыз реставрация институту” – бул мамлекеттик долбоорлоо институтунун субподряддык ишканасы болуп саналат. А биз алардан түз суроону көбүнчө генералдык подрядчыдан, б.а. Мамлекеттик долбоорлоо институтунан, Башкы пландын авторлорунан гана сурап, тигилерди дагы чакырып, тактоо иштерин жүргүзгөнбүз. Чындыгынды алар дагы бизге комиссиянын, депутаттардын койгон сунуш-талаптарынын көбүнө макул болуп, 4-5 маселени оң жагына чечип берди. Ошентип бул дагы убакытты талап кылды. Бишкекке да көп жолу барып келдик.
2021-жылы барганыбызда талаш-тартыштар болуп атып, акыры бир консенсуска келдик. Ушул нерсе көп убакытты алып койду. Азыркы убакта бир чечимге келдик десек болот. Келишимге келгенден кийин, азыр ЮНЕСКОго кирген Сулайман-Тоонун концепциясы кабыл алынып, Маданият министрлиги тарабынан кабыл алынып, жакын арада Мамлекеттик долбоорлоо институтуна берилди. Эми булардын жумушу – бизге алып келип, коомдук угууга коюу болуп саналат. Деталдык пландоо долбоору боюнча шаардагы ар бир муниципалдык аймактык башкармалыкка таркатып берип, өзүбүз да барып, баарын ортого жайып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Эки тараптуу акылдашуу, макулдашуу жүргүзүлдү. Ош шаарында 6 МАБ, 1 айылдык башкармалык бар. Ошолордун баарына барып, ар биринде элди топтоп, көрсөтүп, анан алардан түшкөн суроо-талап, сунуштарды топтоп алып, кайра Бишкекке бардык. Бул дагы көп убакытты талап кылды. Эки ай сайтта коомдук талкууга чыгардык. Ошолорду эске алганда Деталдык пландоо долбоорунун иши создугуп атып ушуга келди.
Эми шаардын Башкы планынын авторлору Ошко келиш керек. Жакында мэрия тараптан да эртелеткиле деген кат келди. Ошентип өзүбүз дагы артынан түшүп, ишти уюштуруп, акчасын берип, элден түшкөн сунуштарды жеткирип, өз нугунда алып бардык. Азыр иштин баары аларда калды. Эми келишсе, маселе кабыргасынан коюлуп, иш-чараны драм театрда өткөрөбүзбү же кайсы жерде өткөрсөк да, чечимди кабыл алып туруп, сессияга киргизебиз.
-Алтынбек мырза, Ош шаарынын Башкы планы 2025-жылга чейин кабыл алынган. Эми деталдык пландоо долбоору жакында кабыл алынса, 2 жылдай эле иштеп калабы?
-Бул түшүнүк туура эмес. Ооба, Ош шаарынын Башкы планы 2025-жылга чейин кабыл алынган. Эми ал ошол жылга чейин актуалдуу болуп кете берет. Андан кийин корректура деп коет, оңдоо-түздөө менен кайра узарып кете берет. Башкача айтканда, мөөнөтүн узартып коюу маселеси менен каралып кете берет. Ал эми деталдык пландоо долбоору келаткан күздө бекитилип калса, белгиленген тартипте бекитилгенден кийин ошол 2025-жылы эле бүтүп калат деген нерсе эмес. Ал деген түбөлүк бекитилген нормативдик документ болуп калат. Ал 50 жылбы же 100 жылбы иштей берет. Анын ичинде кызыл сызык, функционалдык зона жана транспорт деп коет, ушул үчөө бекитилет жана инженердик бөлүк деген бар. Негизинен жумуш ошол 3 бөлүк боюнча кетет. Демек, Башкы пландын мөөнөтү өтсө дагы Деталдык пландоо долбоору иштей берет. Бүтүп калат деген түшүнүк болбош керек.
Себеби биз 1985-жылкы Деталдык пландоо долбоору менен 2016-жылга чейин иштеп келгенбиз. Ошондуктан, мөөнөтү узакка чейин кете берет. Ичиндеги функционалдык зонасындагы жерлерде заман талабына жараша имараттар тургузулгандары акырындап чечиле берет.
-Коомчулукта сын-пикир жараткан суроону берейин, Ош шаарынын Деталдык пландоо долбоорун кабыл ала турган комиссия эмне үчүн Бишкекте отуруп иштеди?
-Эң туура айттыңыз. Ушул маселени биз дагы койдук, өзүм баш болуп. Акчаны алып аткандан кийин, ушул жерге келип, айлап-жылдап иштеп, ар бир кычыгынан бери карап, тактап, чечимди ушул жерде кабыл алыш керек болчу дедик. Муну алар да мойнуна алды. Бирок мындай жүйө келтиришти: алар өздөрү шаарга келип-кетип атышканын, технология өнүккөн заманда google mapтан карап, маселе жаралып, талаш болуп калган жерлерди ордунда тактап кетип ажатышкандыктарын айтышты. Анан “3,5 миң гектар шаарды аэрофото тартымдарды жасап, жумушубузду белгиленген тартипте алып кетип атабыз”,-деп жетекчиси келип жооп берди. Силерсиз деле келип-кетип атабыз депчи.
Ооба, бирок белгиленген тартипте жасап, көрсөтулгөн мөөнөттө бүтүрүп бергиле деп тапшырмалар берилген болчу.
-Ал мөөнөттө аткарылбай калып атпайбы?..
-Алар эми жогоруда айтылган себептер менен аткарылбай калды. Бирок биз да убагында аткарбадыңар деп Мамлекеттик долбоорлоо институтунун башкы кеңсесине киргенбиз. Бирок айрым бөлүктөрүн эми жасап атканына күбө болуп, айттык: “2021-жылы эми жасап атыпсыңар, бирок силер 2019-жылы бүтүшүңөр керек болчу”,-деп. Маселени катуу койгонбуз биз дагы. Анан комиссиянын протоколдору ошончолук көп болгон. А Сулайман-Тоосу тууралуу концепцияны жакында бекитип беришти. Ал жок Деталдык пландоо долбоору да бекитилбейт эле. Себеби Сулайман-Тоо шаардын ортосунда турат. Концепция дагы анын тарыхий бир бөлүгү да. Тоонун айланасында аны тосуп калбаш үчүн өзүнүн визуалдык-ландшавттык анализин жүргүзүү боюнча да жумуштары бар экен. Башкача айтканда, илимий жумуштары өтө көп экен. Кыскасы бирден бир себептери ушулар болду.
Анан комиссия өзүбүз дагы катуу иштедик десек болот. Бирок жумуштардын кечеңдегенинин баардыгы ошол тараптан болуп калды.
-Эми өзүңүз жеке жаран катары айтыңызчы, жумуштун кечиккени албетте туура эмес экени белгилүү, бирок эмне үчүн мындай болуп калды жана ага кандай баа бересиз?
-Мен эми ушул процесстин ичинде жүрүп, баарын көргөн жаран катары айтсам, бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш деп ойлойм. Анткени, Бишкектики дагы бекитилгенден кийин соттун чечими менен четке кабылып калбадыбы. Анан кайра эле ошол маселеге барып такалып калбаш үчүн биз ийне-жибине чейин тереңдетип, бардыгын тийиштүү процедура менен алып бардык. Анткени ичинде силер айткандай, көп кемчиликтер болгон. Бул жакка келбей коюп, чийип койгон жерлери да болгон. Айрым жерлерде жашоочулардын курулуп калган үйлөрүнүн үстүнөн деле чийип коюп кетип калган учурлары болгон. Ушулар эртең мэриянын баш оорусу болот. Ошолорду да өзгөртүү максатында көп сунуш-талаптар, кат алып-беришүү иштери, протоколдордун үстүнөн жыйын өткөрүү, ар бирин ордунда түзүп келүү маселелери сыяктуу ийне-жибине чейин иликтөө менен аткарылды десек болот. Эми туура, кемчиликтер болбой койбойт экен. Бирок жаран катары айтсам, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп ойлойм. Деталдаштыруу дегенде өзү эле айтып турбайбы.
-Рахмат маегиңизге
Материалды даярдаган: Асанбек Каракозуев
[/cmsmasters_text][/cmsmasters_column][/cmsmasters_row]