![Ысакбай Мурзабеков: -“Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы эми 7-класстан баштап кириши күтүлүүдө... Ысакбай Мурзабеков: -“Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы эми 7-класстан баштап кириши күтүлүүдө...](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/07/whatsapp-image-2023-07-19-at-11.23.46.jpeg)
[cmsmasters_row][cmsmasters_column data_width=»1/1″][cmsmasters_text]
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 203 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдар арасындагы Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясындагы приоритеттер: 1) Диний чөйрөдөгү мыйзамдарды жакшыртуу, дин тутуу жана ишеним эркиндигин камсыз кылуу; 2) Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жакшыртуу жана мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун жогорулатуу; 3) Жергиликтүү деңгээлде кызматташуунун өркүндөтүүнүн жөнгө салуу; 4) Диний чөйрөдөгү маалыматтык саясатты өнүктүрүү; 5) Дин аралашпаган дин таануу билим берүү системасын жакшыртуу; 6) Диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу; 7) Диний радикализм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу; 8) Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты баалоо жана өркүндөтүү болгон.
Ал арада Сирия кризиси чыгып, ага байланышкан маселелердин алдын алуу, дин тутуу боюнча мыйзамдарды анализдөө, жалпы мекеме-уюмдардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жасоо, дин таануучулук билим берүүнү реформалоо деген сыяктуу бир топ чоң багыттар ошол концепцияда камтылган. Ал 2020-жылга чейин өз функциясын аткарды. Кийин соңуна чыккан концепциянын ишине анализ жасап, эмнелер аткарылды, эмнелерге жетишилбей калды деген сыяктуу маселелер көтөрүлүп, КР Президентинин атайын Жарлыгы менен 2021-2026-жылдарга карата жаңы концепциясы кабыл алынды. Бул концепция учурда кандай иштеп жактанын, дегеле аны менен Кыргызстан диний саясатын кандай аныктай турганын сурап, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабековго микрофон сундук.
-Исакбай мырза саламатсызбы? 2026-жылга чейин кабыл алынган жаңы концепцияда кайсы маселелерди эң негизги, өзгөчө деп белгилесек болот?
-Саламатчылык. 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясында артыкчылыктуу делген 5 багыт бар. Алардын биринчиси: мамлекеттин светтик жана укуктук негиздерин бекемдөө. Экинчиси мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин субъекттеринин потенциалын чыңдоо жана кызматташтыгын кеңейтүү. Анан диний жана дин таануучулук билим берүү системасын өркүндөтүү. Төртүнчүсү: диний чөйрөдөгү маалыматтык-агартуучулук саясат болсо, бешинчиси: диний негиздеги чыр-чатактарды алдын алуу болуп саналат.
Бул жерде өзгөчө белгилеп кете турган жагдай бар. Диний жана дин таануучулук билим берүү системасын өркүндөтүү багытында диний сабактарды өтүп жаткан диний окуу жайларда светтик жана кесиптик сабактарды киргизүү каралган. Ушул жаатта көп иштер аткарылды. Атап айтканда, учурда көптөгөн медреселерде светтик окуулар киргизилди. Түштүк аймактагы төрт чоң медресе кесиптик шыктарды окутуу долбоору менен тигүүчүлүк, жыгач, темир устачылык, ашпозчулук, компьютер курстарына үйрөтүштү. Медресени бүткөндөн кийин окуучулардын баары эле мугалим болуп кала албайт. Ошол үчүн үй-бүлөсүн багуу, тиричилигин өткөрүү үчүн кайсы бир кесиптин ээси болуп, ошол багытта иштөөгө багыттоо болуп саналат. Анан албетте, светтик сабактар да киргизилип атат. Мисалы: кыргыз тили, Кыргызстандын тарыхы, чет тилдерден да кошулуп атат, компьютердик курстар киргизилди. Булар абдан пайдалуу болду.
Ал эми дин таануучулук билим берүү орто мектептерге да киргизилгенин билесиздер. Окуучуларга дин жөнүндө маалымат берилет. ЖОЖдордо да ушундай. Университеттер факультативдик түрдө өздөрү киргизишкен. А орто мектептерге Президенттин Жарлыгы менен дин таануучу сабактар 9-класстан баштап өлкөнүн бардык мектептеринде киргизилген. Аны теологдор, дин таануучулар өтүп атышат. Айрым теологдор жок жерлерде тарыхчылар кайрадан даярдыктан өтүп, кайра окутуудан өтүп, сабактарды ошолор окутуп жатышат. Демек, 9-класстан баштап, балдар “дин деген эмне?”, “дүйнөдө кандай диндер бар?”, “Кыргызстандын эли тутунган мусулман дининин баалуулуктары кайсылар?”, “мазхаб, ишеним деген эмне?”, “террористтик-экстремисттик уюмдар эмнеси менен айырмаланат?”, “алар кантип динди чүмбөт кылышат?” деген сыяктуу маселелер боюнча кенен маалымат алып калышат. Көптөгөн ата-энелердин суранычы боюнча, КР Президентинин Жарлыгына ылайык эми 7-8-класстан баштап ушул предметти киргизип, анын программасын, усулдарын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.
-Сөзүңүзгө аралжы, азыр коомдогу радикализм менен экстремизмди алдын алууда кандай тоскоолдуктар бар?
-Радикалдашуу менен экстремизмди эки башка, бирок бирин-бири ээрчий өнүгүүчү түшүнүк катары кабылдашыбыз керек. Радикалдашуу – бул, кайсы бир диний түшүнүктөрдү катуу карманып алуу дегенди билдирет. Себеби “радикалдык” деген сөздүн жакшы да, жаман да жагы бар. Мисалы: радикалдык кайра куруулар, экономикадагы радикалдык өсүү чаралары деген сыяктуу. Демек, “радикалдык” деген кайсы бир катаал позицияны катуу кармап алуу дегенди билдирет да. Диний маалыматы аз, түшүнүгү тайкы адамдар ошондой бир нерсени өзү билгендей, укканындай же окуганындай катуу карманып алууну “радикализм”, – дейт.
Ал эми “экстремизмде” кыймыл аракет кошулат дагы, кандайдыр бир бузук, тескери идеяны ишке ашыруу үчүн кайсы бир кадамдарды жасайт. Анда демек, ой-пикирге кыймыл аракет кошулат. Ушул жерде – экстремисттик аракеттердин натыйжасы менен – кылмыштын курамы пайда болуп калат. Негизинен биздеги ошол көрүнүштөрдүн көбү жаштардын арасында болуп калышы мүмкүн. Бул биринчиден диний маалыматтын жетишсиздиги, ислам дини – тынчтыктын дини экенин толук түнүшбөстүк болуп калса, экинчиден мыйзамдар боюнча маалыматтардын жетишсиздиги болот. Себеби биздин өлкөдө дин тутуу эркиндиги толук мыйзамдык негизде камсыз болгон. Биздин элде мындай нерсе бар: “менин укугум бар”, – дегенди билишет дагы, “менин милдетим да бар”, – дегенди унутуп калышат. Ошол үчүн дин тутуудагы укуктар жана милдеттер деп аябай көп сабактарды өткөрүп, жаштардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз. Б.а. дин тутуудагы укуктар жана милдеттер. Кайсы жерге чейин дин тутуу укугу бар жана качан ал экстремизмге айланат? Кандай көз караштар радикалдашууга жана экстремизмге алып барат деген маалыматтарды диний окуу жайлардын студенттерине, мектептердин окуучуларына, коомчулукка, анан айрыкча аялдарга көбүрөөк түшүндүргөнгө аракет кылып атабыз. Биз ар бир нерсенин чегин билиш керек дейбиз. Ушуга аракет кылып атабыз.
-Диний окуу жайлар тууралуу айтып калдыңыз, Кыргызстанда диний уюмдарды жана диний билим берген окуу жайларды каттоо көйгөй жаратып келгени маалым эле. Азыр кандай?
-Жок, “каттоо көйгөй жаратты”, – деген бир аз коошпой калат. Себеби бизде диний окуу жайларды ачууда, “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар” деген мыйзам бар. Ошол мыйзамдын талабы боюнча, диний окуу жайлар, каттоодон өткөн кайсы бир диний уюмдун алдында ачылат. Алар дагы, диний окуу жайлар, атайын каттоодон өтүп, күбөлүк алышат. Дин комиссиясынын күбөлүгүн алып, андан кийин юстиция органдарына мамлекеттик каттоодон өтүп, анан ишмердүүлүгүн баштайт. Буга эч кандай тоскоолдук жок. Бардык адамдардын укуктары бар, ушинтип, мыйзамдын негизинде диний окуу жайлар иштеп жатат. Негизинен, андай диний окуу жайлар муфтияттын астында ачылган.
Ал эми сиз “жашыруун окутуулар” дегенди айткыңыз келди окшойт. “Дин тутуу эркиндиги боюнча” мыйзамга ылайык, жеке тартипте жашыруун диний сабактарды өтүүгө тыюу салынат. Каттоодон өтмөй сайын, диний сабак берүүгө мүмкүн эмес. Бул боюнча биз дайыма мониторинг жүргүзүп, укук коргоо органдары менен чогуу атайын иш-чараларды өткөрүп турабыз.
Мисалы быйыл эле, Ош облусунда 5 фактыны ачыктадык. Аларга ИИБ менен кошо протоколдорду түзүп, жоопкерчиликке тартып, ишмердүүлүгү токтотулду. Алар каттоодон өтпөй, жеке менчик үйдө же бир имарат таап алышып, бирөөлөрдү окута башташкан болчу. Ошентип мындай ишмердүүлүк менен алектенген Ош облусунда 5, Ош шаарында 4 факт аныкталды. Алардын кээ бирөөлөрү мыйзамды билбегендиктен ушул ишти жасап алышкан. А бирок мыйзамдык чаралар көрүлгөндөн кийин, толук кеп-кеңештерди алып, имаратты, архитектуралык, санитардык, өрткө каршы деген талаптарын түздөп, каттоодон өтүп иштөөгө документтерди даярдап атышат.
Ал эми концепциябыздын дагы бир чоң багыты – бул, диний чөйрөдөгү маалыматтык-агартуучулук саясат. Биз коомчулукту б.а. жаштарды, укук коргоо органдарынын, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлерине чейин окутуп атабыз. Аларга түшүндүрүү, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп келебиз. Ал жерде диний чөйрөгө байланыштуу мыйзамдарды, укуктарды, милдеттерди түшүндүрүп беребиз. Анан биздин мамлекет салттуу ислам деген түшүнүк менен алдыга жылдырылып аткан Ханафий мазхабы менен матрудий акыйдасын кенен түшүндүрөбүз. Былтыры, 2022-жылы, түштүк аймактык бөлүмү 200дөн ашык чоң иш-чараларды өткөрдүк. Ал эми быйылкы жылдын алты айында 70ке жакын ушундай маалыматтык иш-чараларды уюштурдук. Бул жерде биз мамлекеттин саясатын, салттуу ислам баалуулуктарын, экстремизм менен терроризмди айырмалай билүү, анан жанагыдай мыйзамсыз кадамдарга барбоо сыяктуу укуктарды жана милдеттерди жакшы билүү жөнүндө кенен маалыматтарды беребиз.
-Ушул сөзүңүзгө улай, менде дагы бир суроо пайда болду. Диний уюмдардагы кырдаалга 100гө жакын мониторинг жүргүзүпсүздөр, ал кандай жыйынтыктарды берди?
-Сиздер жакшы билесиздер, бизде мечиттер абдан көп. Мечитке болгон талап толук канааттандырылып калды. Шаарларда чоң-чоң мечиттер көп, керек болсо ар бир айылдарда да мечит бар. Ошол мечиттерде кырдаал кандай? Мисалы: жума күндөрү эл көп чогулганда биздин кызматкерлер, милициянын, УКМКнын кызматкерлери менен барып, кырдаалга мониторинг кылабыз. Эң негизгиси имамдын билим деңгээли, кандай баяндарды жасап атканы, муфтият берген жума баяндардын тизмеси болот, ошол боюнча кандай жумуштар жүргүзүлүп атканын карайбыз жана ошол жердеги жамааттын көз караштары кандай, диний негиздеги кандайдыр бир чыр-чатактар, пикир келишпестиктер жокпу деген сыяктуу маселелерди пландуу негизде текшерип турабыз.
Ал эми диний окуу жайлардын шарттарын, окуу программаларынын аткарылышын, ал жердеги диний адабияттарды да текшерип турабыз. Мугалимдердин кантип жана кайсы адабияттар менен сабак өтүп жатканынан тартып, жашоо шарты кандай, санитардык талаптары, мисалы: кыштагы жылуулук системасынын иштөөсүнө чейин текшеребиз.
Концепциябыздын андан кийинки дагы бир чоң багыты – бул, диний негиздеги чыр-чатактарды алдын алуу болуп саналат. Экстремизм жана терроризмден алыс эле кандайдыр бир дин тутунган жамааттардын ортосундагы конфликттер чыгып кетиши мүмкүн. Анан кээ бир ар башка диндердин жактоочуларынын ортосунда конфликттер болуп калышы ыктымал. Ошолордун алдын алып, кесепетин жайылтпоого негизделген өзүнчө багытыбыз бар. Ошондуктан Ош шаары менен Ош облусунда конфессиялар аралык кеңеш түзүлгөн. Ал 3 жылдан бери иштеп атат. Бул кеңешке аймактагы 40тан ашык диний уюмдардын жана окуу жайларынын жетекчилери кирген. Биз, дин комиссиясы, ошол кеңеш менен өтө тыгыз иштешебиз. Себеби, анын байкоочулар тобунда КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жана Ош шаарынын вице-мэри кирген. Кеңештин негизги максаты – ынтымакты, диний туруктуулукту сактоо, ысырапкорчулукка каршы түшүндүрүү, экстремизмге каршы күрөшүү иштерин чогуу алып баруу. Буга чейин спорттук иш-чараларды өткөрүп, улуттук тамак-аштарды жасап, сынактарды өткөрдүк. Мыйзамдарды билүү боюнча да сынактарды уюштурдук. “Ынтымак боз үйү” деп боз үй тигип, ал жерди бардык улуттардын өкүлдөрү ар бири өздөрүнун улуттук тамактарын жасап, “Биз ар түрдүүбүз, бирок биргебиз!”, — деген девиз менен иштеп атабыз.
Мындан сырткары, Казыят менен биргеликте имамдар жана диний окуу жайлардын жетекчилери үчүн салтуу ислам, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган, динди чүмбөт кылган экстремисттик жана террористтик уюмдар, дин тутуу эркиндиги: укуктар жана милдеттер деген темаларында атайын сабактар уюштурулуп турат.
-Рахмат маегиңизге!
[/cmsmasters_text][/cmsmasters_column][/cmsmasters_row]