![Кара-Сунуун милициясы жасалма долларларды таратып жүргөндөрдү колго түшүрдү Кара-Сунуун милициясы жасалма долларларды таратып жүргөндөрдү колго түшүрдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/0505755c-05ca-4978-86a2-f7c6c38575a6-1.jpg)
[cmsmasters_row][cmsmasters_column data_width=»1/1″][cmsmasters_text]
Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы май куюучу жайларга жасалма долларларды берип, ордуна сом алып жүргөн жарандар кармалды.
Ош облустук ИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ушул жылдын 18-июль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын 28 жаштагы З.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 15-июль күнү Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы май куюучу жайлардын бирине жашы 25-30 курактагы жаран келип 100 АКШ доллар берип, 2 миң сомго күйүүчү май куюп, 6 700 сом кайтарым катары алып, артынан дагы 100 АКШ долларын алмаштырып берүүнү суранып, 8 700 кыргыз сомго алмаштырып алып кеткендигин, эртеси 16-июль күнү отчет тапшырып жаткан учурда аталган акча каражаттары жасалма экендиги билишип калгандыгын билдирген.
«Бул факты 2023-жылдын 18-июль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Чогултулган материалдар Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 233-беренеси «Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо» боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө кызматы тарабынан бул акча каражаттарына соттук-техникалык экспертизасына дайындалып, анын корутундусу менен 200 (эки жүз ) АКШ доллар акча каражаты жасалма экендиги аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын нгегизинде бул кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 30 жаштагы Ж.А. аттуу кармалган.
Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү Ж.А.нын кылмыштуу шериктери дагы аныкталып, Кара-Суу районунун 35 жаштагы Ж.Т. жана 32 жаштагы Т.Д. тургундары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар алдын ала сүйлөшүп, жеңил пайда табууну көздөшүп, Кара-Суу аймагында жайгашкан 4 автоунааларга май куюучу жайларда жалпы 1000 (миң) АКШ доллар акча каржатын кыргыз сомго алмаштырып кеткендиги аныкталды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
[/cmsmasters_text][/cmsmasters_column][/cmsmasters_row]