![Рысгүл Акимжанова: -Вандагы кыргыздар сураган мугалим маселеси чечилди... Рысгүл Акимжанова: -Вандагы кыргыздар сураган мугалим маселеси чечилди...](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/photo_2023-08-03_11-15-00.jpg)
[cmsmasters_row][cmsmasters_column data_width=»1/1″][cmsmasters_text]
2023-жылдын июль айынын аягында Кыргызстандык илимий-маданий делегация атайын экспедиция уюштуруп, Түркиянын Ван аймагындагы кыргыз боордоштордон кабар алып келишти. Алар Ван кыргыздары тууралуу буга чейинки маалыматтардын кенен болгонуна карабай, алардын учурдагы көйгөйлөрүн угуп, тарых-таржымалын дагы да тереңден тактаганы аттанышкан. Бул делегациянын курамында тарыхчылар баш болуп, ырчы-чоорчу, маданий өкүлдөр болду. Алардын чыгымын жеке ишкер Рысгүл Акимжанова көтөрдү. Ал буга чейин Өзгөндөн кетип, Пакистандын Гилгит өрөөнүндө жашап калган Жаныбек казынын урпактарына барып да илимий-маданий экспедицияны каржылап, уюштуруп келген. Ушуга окшогон коомдук долбоорлорду ишке ашыруунун өзөгүн эмне түзөөрүн сурап, Рысгүл айымга микрофон сундук.
-Рысгүл айым, саламатсызбы? Түркиядагы Ван аймагында кыргыздарга атайын экспедиция уюштуруп, алардан кабар алып келдиңиздер. Аларга барып келүүнүн демилгечиси өзүңүз болуп, каржылык жагын да көтөрдүңүз. Негизи мындай кылуу идеясы эмнеден чыкты эле?
-Бул долбоорду 4-5 жыл башта эле иштеп чыгып, аны жүзөгө ашыруу үчүн аркет кылып жүргөмүн. Бирок анын чыныгы оригиналында бир аз татаалыраак болчу. Азыр жеңилдетилген варианты менен барып атабыз. Ал кезден бери, мисалы өзүмдүн убактым болбой, шарт туура келбей атты. Анын үстүнө COVID-19 чыгып кетти. Демөөрчүлөрдү табыш керек болду дегендей бир канча ньюанстар менен токтоп турган. Анан быйылтан баштап ишке аша баштады. Өзү бул долбоор бир нече жылга созулат. Анын максаты – этникалык кыргыз кыздарды, дегеле дүйнө жүзүндөгү этникалык кыргыздарды Кыргызстанга таанытуу. Мисалы биз канча жылдан бери советтик пропаганда менен жашаганбыз да. Ошол арада этникалык кыргыздарды көп деле тоготпой келгенбиз. Эми азыр аларды кыргыз коомчулугуна жакшылап тааныштыруу, алар тууралуу кенен маалыматтарды жеткирүү, сиңирүү жана алар менен карым-катнаштарды түзүү максатта иштей баштадык.
-Маселе мындай болуп атат да, бул иштерди сиз жарандык активист катары уюштуруп атасыз, туурабы? Экспедицияны жаныңыздан каржылап жатасыз. Муну өз улутуна күйгөн адам гана жасай алат десе болот. Бирок буга коомчулукта кандай пикир айтып атышат?
-Коомчулукта бул долбоордун баалуулугу эмес, майда-чүйдө нерселерге асылгандар болду. “Демөөрчүнү каяктан таптың?”, — дегенден тартып, “Эмнеге бардыңар?”, — деген суроо эмес, “Эмне үчүн тиги кыз жоолук салынбай барды?”, “Эмнеге жерде отуруп тамактангасыңар?”, — деген суроолорду беришти. А “Эмне үчүн бардыңар? Максаты эмне эле?”, — деген суроолор аз болду.
-Буга чейин сиздер Пакистанга барып, Гилгиттеги кыргыздар менен жолугуп келдиңиздер эле. Эми Түркиянын Ван аймагындагы кыргыздарга барып келдиңиздер. Ал жакка жасалган экспедицияңыздарга кимдер мүчө болду? Анан бул сапарыңыздардан эмне жыйынтык чыкканы атат?
-Негизи бул долбоор тууралуу айта турган болсок, тарыхий-маданий деп аталгандыктан, буга тарыхчылар кошулат жана маданий кызматкерлер болот. Анткени тарыхчылар барып ал жактын кийим-кечесинен тартып, этнографиялык маалыматтарынын баарын алып келгенге аракет кылышат. Башкача айтканда, ошол жактагы кыргыздардын тарыхын изилдеп келишет. Булар Кыргызстанга “алып келүүчүлөр”. Ал эми “алып баруучулар” деген түшүнүгүбүз бар – аларга биздин маданий кызматкерлерибиз кирет. Ал жакка барып, кыргыздын чыгармачылык өнөрүн тартуулашат.
Мисалы, Пакистанда аябай көп жолушуулар болду. Биз барганда бир маселеси чечилип калганына аябай сүйүндүк. Кара-Корум университетинде Кыргызстанга жана Жаныбек казыга арналган музей ачылды. Андан сырткары, Ага-Хан университети менен биздеги АУЦАнын ортосунда атайын меморандум түзүлгөн. Анын негизинде кыргыз мугалимдерин даярдап чыгуу иштери жүргүзүлүп жатат. Анан алар этникалык кыргыздарга мугалимдерди алып барып берет. Булардан сырткары, биздин бир нече тарыхчыларыбыз илимий эмгектерин жазып жатышат. Күздөн баштап Бишкекте 2, Ошто 1 илимий чоң конференция өтөт. Бир нече китептер жарыкка чыгат.
Ал эми жеке өзүмдүн салымым, ишимин жемиши дей турган болсом, ошол жакта бейкапар жаткан кыргыздардын бардыгынын жүрөгүнө кыргыз деген баалуулуктарды киргизип, аларды маалыматтык деңгээлде Кыргызстанга алып келдик. Биз баргандан кийин бизге кызыгып, айрыкча жаштар интернет аркылуу байланышта болуп калдык. Ушуну менен Кыргызстанда болуп аткан ар бир окуяларды, дилибизди, маданиятыбызды сиңирип атабыз. Келечекте да мындай маалыматтарды жеткире беребиз.
-А Вандагы кыргыздарга болгон сапарыңыздарчы?
-Ал жакка барганда эң чоң көйгөйү, жүрөк ооруткан маселеси – кыргыз тили экен. Жаштары кыргызча сүйлөбөй калыптыр. Вандык кыргыздар биздин барып келгенге чейин мугалим жөнөткүлө деп айтып жатышты. Тил мугалими, комузчулар, өнөр адамдарын сурашат экен. Анан Кыргызстанга келгенден кийин Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге кирдим. Ал көңүл бурду. Ошентип бул маселе чечилип атат. Сентябрга чейин 3 мугалимди жөнөтүп калабыз деп убада кылышты. Кыргыз тилчи, кол эмгек жана комузчу мугалимди жөнөткөнгө даярдык көрүлүп жатат.
-Эми акыркы суроо болсун, сизге окшоп, ушундай долбоорлорду каржылайм дегендерге эмне айтат элеңиз?
-Негизи бийликке же башка бирөөлөргө ишенип отура бериштин кереги жок. Ошол ишти жасоого акылың жетсе, эмне гана болбосун жасаш керек. Мен ушул долбоорду көптөн бери ойлонуп жүргөнүм үчүн бийликке же башкаларга кайрылып отурбай эле өзүмдүн күчүм менен жүзөгө ашыра баштадым. Анан долбоордун катышуучуларына эч кандай чектөө жок. Ким кааласа катыша берсе болот. Анткени ошол жакка канчалык көп байланыш болсо, ошончолук жакшы.
Баягында Пакистанга барганда КТРКдан бир оператор менен бир журналист алып кеткен элем. Кийин КТРК “Мекендештер” деген атайын программа түзүп чыгышты. Бул менин долбоорумдун алкагында чыкты десем болот. Демек, ошол нерсе жугуштуу болуп, башкаларга да тарап, алар дагы ушул демилгени таратканы жагымдуу болот экен.
Колунда бар, мүмкүнчүлүгү бар бардык адамдар ушундай долбоорлорду ишке ашыра алышат. Ал эмес, колунда жок болуп, бирок көкүрөгүндө кыргыз деп күйүп турган жарандарыбыз да ишке ашыра алышат. Ушундай долбоорлор көбөйсө жакшы болмок. Азыркы иштерди мен өзүм үчүн жасаганым жок да, аны Кыргызстаныбыз үчүн, кыргыздар үчүн жасадым. Ошого канчалык көп адам аң сезиминде, көкүрөгүндө улутубуз үчүн күйгөн болсо, баарыбызга ошончолук жакшы болот. Ал биздин эле жеңишибиз деп эсептейм.
-Рахмат маегиңизге.
А.Каракозуев
[/cmsmasters_text][/cmsmasters_column][/cmsmasters_row]
????
Кыргыз тилин унутуп калган Ван кыргыздарынын жаштарына баруучу кыргыз — тили мугалими, эмгек жана комуздан мугалимдердин баруусунун чечилиши жакшы жыйынтык экен
Мекенчилдик сезимдерге береке!