![Ар бир кылымдын ээлери: 21 кылымдын ичинде Жер бетин канча империя башкарды? Ар бир кылымдын ээлери: 21 кылымдын ичинде Жер бетин канча империя башкарды?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/1373048884669-pic905-895x505-1373-860x485-1.jpg)
Сүрөт: «Империянын кулашы». Автор: Томас Коул. 1837-жыл
Адамзат жамаат-жамаат болуп жашагандан тартып эле жашоо үчүн күрөш башталып, адам баласы жаңы жерлерди өздөштүрө баштады. Тээ ошол доордон бүгүнкү күнгө чейин адамдар Жер бетинде ким лидер экенин жана ким кожоюн экенин талашып-тартышып келүүдө. Эмесе биздин замандын ушул 2023 жылынын ичинде кайсыл империялар планетабызды башкарып турганы боюнча тарых барактарына үңүлүп көрөлү.
«Биздин заман» деп эсептелгенден бери 21 кылым өкүм сүрүүдө. Ошондо адамзат биздин замандын 20 кылым 23 жылын баштан кечирди. Бул аралыкта эмне деген зор империялар пайда болуп, нечендери жок болду дейсиз. Учурунда зор империя болуп, жер шаарын башкарып тургандардын айрымдарынын мураскерлери дале болсо бар, айрымдарыныкы жок болушу да мүмкүн.
21 кылым ичинде планетабызды он үч империя бийлеген. Бул макалада өз замынын дөө-шаасы болуп турган империялар боюнча учкай токтолобуз.
Башы өткөн чыгарылышта.
VII-VIII кылымдар. Омейяддар династиясы же араб халифатынын династиясы
![Ар бир кылымдын ээлери: 21 кылымдын ичинде Жер бетин канча империя башкарды?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/omeniyadi-2-1024x341.jpg)
Сүрөт Интернеттен алынды
Ислам дининин пайда болушу менен Жакынкы Чыгышта кубаттуу империя курала баштаган. Ал – Араб халифаты эле. Арабдар Ислам динин жайылтуу жүйөөсүн жамынып, жакынкы жана алыскы жактарга жортуулдарды уюштура баштаган. Тарыхта Омейяддар династиясы деген ат менен белгилүү болгон араб халифтеринин династиясы 661-750-жылдар аралыгында өмүр сүргөн династия өз учурунда уламдан улам аймагын кеңейтип отуруп, Түндүк Африка, Пиреней жарым аралынын (бул жарым аралга азыр Португалия, Испания, Франция, Андорра, Гибралтар ээлик кылат) көп бөлүгүн, Орто Азияны, Азербайжан жана Грузиянын бир катар аймактарын каратып алган.Династиянын салыктары оор болгондуктан, анын карамагындагы калктын көтөрүлүшү күчөп, көтөрүлүштүн башчысы катары Абу Муслим Омейяддар династиясын кулатып, бийликке Аббасиддер келген.
IX кылым. Каролинг династиясы же франкттар
![Ар бир кылымдын ээлери: 21 кылымдын ичинде Жер бетин канча империя башкарды?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/1_37-1024x591.jpg)
Каролинг империясы же болбосо Франк мамлекетиндеги королдор менен императорлордун династиясы. V кылымдын аягында негизделген Франк мамлкети аймагын кеңейтип отуруп, бийликке каролингдер келгенден кийин мамлекеттин күч-кубаты ашып, аймактарын дагы да кеңейтип, күчтүү империя болууга жетишкен. Алсак, 451- жылы Каталаун талаасынадагы гунндардын башчысы Аттилага каршы салгылашта франк кол башчылары жеңишке жетишкен. Ошол кезден 8-кылымга чейин бийликти меворингдер башкарып турган. Ошентип, VIII кылымдын элүү биринчи жылы меворлингдер династиясы начарлап, бийликке каролингдер келген. Андан соң каролингдер династиясынын өкүлү мамлекетти башкара баштаган Улуу Карл көп аймактарды каратып, аскер жана сот реформаларын жүргүзүп, дыйкандар ири жер элөөчүлөргө баш ийип калган. Мындан улам феодалдар менен дыйкандардын ортосунда каршылашуу пайда болуп, ал так талашуу согушуна да уланып кеткен. Улуу Карлдын неберелери Людовик биринчи жана Лотарь биринчинини учурунда Верден келишими боюнча империя үчкө бөлүнгөн. Бул империянын үч бөлүгү азыркы Франция, Германия, Италия болуп саналат.
X кылым. Византия
![Ар бир кылымдын ээлери: 21 кылымдын ичинде Жер бетин канча империя башкарды?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/534123af-93e0-43d0-8ac8-8907104bf714.jpg)
Мурдатан калптанып калган бул империя көптөгөн ички саясий өзгөрүүлөрдөн кийин, 9-11-кылымдарда тышкы саясаты согуш жүргүзүүгө негизделип калат.10-кылымдын орто ченинде Византия арабдардан Жакынкы Чыгыштагы Жогорку Месопотомияны (Тигр жана Ефрат дарыяларынын ортосу), Кичи Азиянын бир бөлүгүн, Сирияны, Критти, Кипрди тартып алган. 10-кылымдын он сегизинчи жылында Батыш Болгария падышачылыгын ээлеп, Балкан жарым аралынан Дунайга чейинки аймакты ээлеп алган. Деген менен 10-кылымдын аягына барып, 11-кылымдын орто ченинде түрк-селжуктардын кол салуусуна, нормандардын кол салуусунан улам империя алсыздап, бийлик талашуу согуштары күчөп, бийликти түрдүү династиянын өкүлдөрү башкарып отуруп, XII кылымдын аягында армия менен флот начарлап, туш тараптан душман чуулгап, 4-крест жүрүшүнүн натыйжасында Византиянын борбору Константинополь багындырылып, империя кулаган.
Уландысы кийинки чыгарылышта.