![Ар бир кылымдын ээлери: 21 кылымдын ичинде Жер бетин канча империя башкарды? Ар бир кылымдын ээлери: 21 кылымдын ичинде Жер бетин канча империя башкарды?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/1373048884669-pic905-895x505-1373-860x485-1.jpg)
Сүрөт: «Империянын кулашы». Автор: Томас Коул. 1837-жыл
Адамзат жамаат-жамаат болуп жашагандан тартып эле жашоо үчүн күрөш башталып, адам баласы жаңы жерлерди өздөштүрө баштады. Тээ ошол доордон бүгүнкү күнгө чейин адамдар Жер бетинде ким лидер экенин жана ким кожоюн экенин талашып-тартышып келүүдө. Эмесе биздин замандын ушул 2023 жылынын ичинде кайсыл империялар планетабызды башкарып турганы боюнча тарых барактарына үңүлүп көрөлү.
«Биздин заман» деп эсептелгенден бери 21 кылым өкүм сүрүүдө. Ошондо адамзат биздин замандын 20 кылым 23 жылын баштан кечирди. Бул аралыкта эмне деген зор империялар пайда болуп, нечендери жок болду дейсиз. Учурунда зор империя болуп, жер шаарын башкарып тургандардын айрымдарынын мураскерлери дале болсо бар, айрымдарыныкы жок болушу да мүмкүн.
21 кылым ичинде планетабызды он үч империя бийлеген. Бул макалада өз замынын дөө-шаасы болуп турган империялар боюнча учкай токтолобуз.
2-бөлүгү мурдагы чыгарылышта
XI кылым. Селжук империясы же Улуу Селжук мамлекети
![АР БИР КЫЛЫМДЫН ЭЭЛЕРИ: 21 КЫЛЫМДЫН ИЧИНДЕ ЖЕР БЕТИН КАНЧА ИМПЕРИЯ БАШКАРДЫ? 3-бөлүк](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/seljuk_history_map_0001.jpg)
Селжук империясы өз заманынын огуз-түр урууларынан куралган кубаттуу империясы болгон. Анткени, 11-кылымдын отузунчу жылдарында Хорасанды, ушул эле кылымдын 43-жылы Хорезмди, кийинчерээк Батыш Иранды, Азербайжанды, Ирак менен Багдадды, Арменияны алып, көп өтпөй Византия империясынын аскерлерин талкалагандан кийин Кичи Азияны (азыркы Түркиянын көп бөлүгүн) , Сирия жана Палестинаны каратып алган. Жалал ад-Дин Мелик-Шахтын тушунда селжуктар аскердик жактан күчтүү болуп, Грузияны, Орто Азиядагы Караханийлер мамлекетинин бир катар батыш аймактарын багындырып алган. Арадан көп убакыт өтүп, Селжук империясы ички феодалдык чыр-чатактардан улам алсырап, үч майда султандыктарга бөлүнүп кеткен. Алар: Рум (Түркия), Кирман, Сирия.
XII-XIII кылымдар. Моңгол империясы же Чыңгыз хандын падышачылыгы
![АР БИР КЫЛЫМДЫН ЭЭЛЕРИ: 21 КЫЛЫМДЫН ИЧИНДЕ ЖЕР БЕТИН КАНЧА ИМПЕРИЯ БАШКАРДЫ? 3-бөлүк](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/mongol_empire_greatest_extent.svg.png)
Чыңгыз хана жана анын мураскерлеринин жортуулдарынын негизиндеги кубаттуу Моңгол империясы дүйнөлүк тарыхта эң чоң аянтты камтыган империя катары эскерилет. Чыңгыз хан негиздеген империя Түндүк Кытай, Корея, Орто жана Борбордук Азия, Закавказье, Иран жана Афганистандын аймагын, орус жеринин кыйла бөлүгүн өзүнө камтыган улуу империя болгон. Мункэ хан өлгөндөн кийин бири-биринен көз карандысыз майда хандыктар түзүлүп, 14-кылымдын экинчи жарымында Закавказье, Иран, Орто Азия бошотулгандан кийин Моңгол империясынын күнү бүткөн.
XIV кылым. Тимур империясы же Амир Темир
![АР БИР КЫЛЫМДЫН ЭЭЛЕРИ: 21 КЫЛЫМДЫН ИЧИНДЕ ЖЕР БЕТИН КАНЧА ИМПЕРИЯ БАШКАРДЫ? 3-бөлүк](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/karta_imperii_timuridov_v_naibolshej_stepeni_na_fevral_1405_g.png)
Амир Темир же Аксак Темир жана башка ысымдар менен белгилүү бул аскер башчысы Темир падышачылыгын негиздеп, Мавреннахрдан Теңир-Тоого жортуул жасаган. Андан соң Ооганстандын бир бөлүгүн басып алып, көп өтпөй Алтын-Ордонун ханын жеңип, Багдадды, Экидарыя аралыгын, Индиянын түндүк бөлүгүн, Сириянын бир кыйла аймагын ээлеп алган.
Бул жортуулдарынын катарында Дели шаарын басып, Анкаранын алдында Баязед биринчи менен согушуп, аны туткундап алган. Бул учурда Амир-Темирдин империясы Хорезм, Хорасан, Түштүк Кавказ, Иран жана Пенжабды кучагына алган зор аймакка ээ болуп калган эле. Амир-Темир Кытайга жортуулга чыгууга камылга көрүп жаткан учурда каза болуп, сөөгү Самарканд шаарына коюлган.
XV-XVI кылымдар. Осмон империясы
![АР БИР КЫЛЫМДЫН ЭЭЛЕРИ: 21 КЫЛЫМДЫН ИЧИНДЕ ЖЕР БЕТИН КАНЧА ИМПЕРИЯ БАШКАРДЫ? 3-бөлүк](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/4682ad74e4495687d886cf9c5a05766f-1024x638.jpg)
Сөз башынан эле айтып коюу ылаазым. Осмон империясынын мураскери азыркы Түркия мамлекети. Анткени, Осмон империясы боюнча тарых булактарын барактап көрсөңүз, Осмон империясын негиздегендердин бири катары Осмон Гази айтылат. Осмон Гази огуздардын бозок бутагынын кайы уругунан чыккан деп айтылып жүрөт.
Осмон империясынын гүлдөп-өнүккөн убагы XVI-XVII кылымдарга туура келет. Ал убактарда империя Түштүк-Чыгыш Европа, Орто-Чыгыш жана Түндүк Африканын көп бөлүктөрүн ээлеп турган. Өлкөнүн чектери чыгыштан Каспий деңизи, батыштан Гибралтар кысыгы, түндүгүнөн Австрия, Венгрия, Украинанын бир бөлүгү, түштүгүнөн Судан, Эритерия, Самоли, Йеменге чейин жеткен. Империя негизинен 29 өлкөдөн, үч- Богдан, Эрдел, Эфлак бектиктеринен түзүлгөн.
Уландысы кийинки бөлүктө.