![Папанда быйыл эмне суу аз? Жетекчинин жообу... Папанда быйыл эмне суу аз? Жетекчинин жообу...](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/1346111.8dbed63d70dd037d135711282188363c.jpg)
[cmsmasters_row][cmsmasters_column data_width=»1/1″][cmsmasters_text]
Учурда Ош облусундагы Папан суу сактагычында суу азайып, Акбура-Араван каналы суу жок какшып калгандыгы тууралуу сөздөр байма-бай айтылып жатат. Биз ушул маалыматтарды тактоо үчүн, Султан Ибраимов атындагы Папан суу сактагычы башкармалыгына барып, анын башкы инженери Курсан Тиленбай уулу менен баарлашып кайттык.
-Сөздү узартпай, ток этер жеринен баштасак. Айрым жалпыга маалымдоочу каражаттарда жана социалдык түйүндөрдө белгиленген жогорку маалыматтарга түшүндүрмө берип өтсөңүз?
-Сиз айткан «Папан суу сактагычында суу түгөнүп, Араван каналында суу жок, кашып калды» деген маалымат так эмес. Ооба, бирок үстүбүздөгү жылдын кургакчыл келиши дүйнө жүзүндө, анын ичинде биздин республикабызда жана облустун аймагында сугат суунун тартыштыгын пайда болду. Аны биз өз башыбыздан өткөрүп жатабыз. Ачык айтуу керек, суу быйыл аз. Папан суу сактагычына өткөн жылы суу сактагычка суунун агып кириши секундасы 60-70 куб метрди түзүп, чыкканы секундасы 49 куб метрди түзсө, быйыл суу сактагычка суунун агып кириши секундасына орточо эсеп менен 38 куб метр, чыкканы секундасы 49 куб метрди түзүп турду. Алсак, 31-июлда секундасына 44 куб метрди түзсө, чыгышы 55 куб метрди түздү. Бул суунун 4 куб метри Ош шаарына бөлүнөт.
-Суунун тартыштыгы кайсыл учурдан тартып сезиле баштады?
-Суу сактагыч сугат сууну керектөөчүлөргө апрель айынан тартып бере баштаган. Июнь айында кирген суунун көлөмү кескин кыскарып кеткендиктен, суу сактагычта топтолгон суунун көлөмү тууралуу маалыматты керектүү мекемелерге күн сайын берип турдук. Биз Ош облустук суу чарба башкармалык менен тыгыз байланышта иштешебиз. Алар да жагдайды туура түшүнүп, кырдаалдан чыгуу үчүн керектүү гана көлөмдөгү сууну алып турушту. Июнь айында Ош облустук суу чарба башкармалыгы сууну үнөмдүү пайдалануу максатында оодарыштыруу ыкмасын колдонуу менен адегенде эки күн Кара-Сууга, кийинки 2 күнү Араванга берип, түзүлгөн кыйын кырдаалдан чыгуунун аракетинде болушту. «Акбура-Араван каналы суу жок кашып калды», — деген сөздөр ушундан улам чыкты окшойт, бирок «таптакыр кашып калды», — деген маалымат туура эмес, кезек-кезеги менен берилип жатат.
-Мындан кийинки абал кандай болжолдонууда?
-Негизинен корко турган учурдан өтүп кеттик. Сугат мезгилинин көбү кетип, азы калды. Азыркы учурда суу сактагычта 43 млн. куб метр суу бар. Гидрометеорологдордун белгилөөсүнө ылайык август айында күндүн жылуу болушу күтүлүүдө. Бул мөңгүлөрдүн эришине, суу сактагычтагы суунун көлөмүнүн көбөйүшүнө шарт түзөт.
-Ачыгын айтсак, мурда суу сактагычка ойдогудай көңүл бурулбай келген болчу, бирок кийинки жылдарда бул тармакка мамлекет тарабынан каражат бөлүнө баштады окшойт...
-Айтканыңыз туура. Учурдан пайдаланып, быйылкы жылы түзүлгөн кыйын кырдаалдан чыгып кетүүгө Папан суу сактагычына мамлекет өзгөчө көңүл бургандыгы да себеп болгондугун баса белгилеп өтүү зарыл. Себеби, 2021-жылдан тартып бир топ жакшы жумуштар аткарыла баштады. 2022-жылы суу сактагычтын түбүн тазалоо жумуштары жасалды.
Анын жыйынтыгында суучулдардын аракети менен суу агызып чыгаруучу дарбазалардын түбүнө агып келген таштандылар тазаланды. Алар суу алдында аткарылган жумушту толугу менен камерага тартып чыгышты. Быйылкы жылы суу агып кире турган жерге темир чыпка орнотуу жумуштары жүргүзүлдү. Эгер бул жумуштар аткарылбаганда быйылкы жылы түзүлгөн кырдаалдан чыгууда кыйын абалга туш болмокпуз. Азыркы учурда жалпы суммасы 9 млн сомду түзгөн жер алдынан өткөрүлгөн электр тогу өткөрүүчү кабелдерди алмаштыруу жумуштары жасалууда. Бул суу сактагычты дагы 20-25-жыл коопсуз иштетебиз дегенди түшүндүрөт.
Маектешкен:
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ
[/cmsmasters_text][/cmsmasters_column][/cmsmasters_row]