![Ар бир кылымдын ээлери: 21 кылымдын ичинде Жер бетин канча империя башкарды? Ар бир кылымдын ээлери: 21 кылымдын ичинде Жер бетин канча империя башкарды?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/imperiya.jpg)
Италиядагы Империя шаары
4-бөлүк
XVII кылым. Испан империясы
![Ар бир кылымдын ээлери: 21 кылымдын ичинде Жер бетин канча империя башкарды?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/aa4f52157daa0ec6.jpg)
Азыркы күндө дүйнөнүн эң улуу державасына айланган Америка жана ошол алкактагы латын америкалыктар жана башка өлкөлөр Испан империясы болбогондо, балким жогорудагы өлкөлөр да болмок эмес. Анткени, Испан империясынын саякатчылары жаңы жерлерди ачуу үчүн («алтын издеген» деп да айтылып жүрөт) кеме менен саякатка чыккан Христофор Колум Түштүк Американы, Борбордук Американы алгачкы жолу ачкан адам катары айтылып жүрөт. Ал жаңы континентке барып, Индияга бардым деп ойлоп, жергиликтүү калкты “индиялыктар” деп атаган. Мына ушул себептүү бул жаңы континенттин жергиликтүү жашоочулары индиялыктар болуп аталып калган. Деген менен Колумдан кийин, теги италиялык, бирок, испан королдугунун атынан саякатка чыккан Америго Веспуччинин ысымын бүгүнкү улуу держава — Америка алып жүрөт. Демек, биздин баамыбызда, Испан империясынын гүлдөп-өнүккөнү Түштүк-Түндүк жана Борбордук Американын азыркы жаңы мамлекеттеринин негизделип калышына себеп болгон десек жаңылышпасак керек. Эми Испан империясынын өзүнө токтололу. Тарыхта бул империя эң ири империялардын бир катары эскерилет. Бул империя 16-19-кылымдарда да империя катары сакталып турду. Айрым тарыхчылар Американын ачылышы испан империясынын түзүлүп башталышы катары карайт.
XVIII кылым. Франция
![Ар бир кылымдын ээлери: 21 кылымдын ичинде Жер бетин канча империя башкарды?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/david_napoleon.jpg)
Франция империясын Напалеон Бонапарт күчтөнткөн. Ал Франциянын Корсика аралында жакырланган дворяндын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жакырлыгына карабай атасы Карло Мария Бонапарт балдарынын баарын билимдүү кылууга умтулган. Наполеон эки ирет аскер мектебинде окуп, ошол кезде күчөп жаткан көтөрүлүшчүлөрдү басууга активдүү катышып, аны үчүн бийликтегилерден сыйлык алып, карьерасы андан ары өсүп, француз республикасынын биринчи консулу болууга жетишкен. Жогорку элиталардын арасында кадыр-баркка ээ болгон Напалеон Сенаттан аны император деп жарыялашын талап кылып, ал максатына да жеткен. Ал аскердик жүрүштөрүнүн натыйжасында көптөгөн аймактарды багынтып, бирок, Орусияны багынтуу үчүн Мосвага чейин келип, Кутузов баштаган орус армиясына жеңилүүгө дуушар болуп, мекенине кайтып баргандан кийин бийликтен алынган.
XIX кылым. Британ империясы
![Ар бир кылымдын ээлери: 21 кылымдын ичинде Жер бетин канча империя башкарды?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/09-image004.jpg)
Британ империясы Жер шаарындагы эң чоң империялардын бири катары жазылган. 1775-83-жылдардагы Түндүк Американын Британияга каршы согушунда жеңилип, 13 колониясынан ажыраган. Бул окуяларды эстесеңиз керек. Голливуд режиссерлору тарабынан тартылган «Патриот» тасмасында Кошмо Штаттардын Британ империясына каршы көз карандысыздыгы боюнча согушу чагылдырылган. Анда башкы ролду Мел Гибсон ойногон.
Британ империясы тээ 16-кылымдан бери өкүм сүрүп, 17-кылымда ошол кездеги күчтүү империялар Испания, Голландия, Францияга каршы согушуп, жеңип чыгып, Америка, Африка жана Азияда чоң аймакка ээ болгон. 19-кылымдын биринчи жарымында Австралия, Жаңы Зеландия, Түштүк Африканы колониялаштыра баштаган. 19-кылымдын ортосунда Британия зор аймакка ээ болгон. Бирок, Индияда жергиликтүү калктын көтөрүлүшү чыгып, башкаруу системасын өзгөртүүгө мажбур кылышкан.
Уландысы кийинки бөлүктө.