Сүрөт: Ош ОИИБ
Ушул жылдын 9-август күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарында 4 тоннадан ашуун жапайы өскөн кара куурай өрттөө жолу менен жок кылынды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мындан сырткары кызматкерлер жергиликтүү тургундарга, жаштарга кара куурай өсүмдүгүнүн зыяндуулугу, адамдын ден соолукка тийгизген терс таасирлери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле, жарандарга үйлөрүнүн короолорунда жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу зарылдыгы боюнча да маалыматтар берилди
«Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, айыл башчылары, жергиликтүү тургундар жана активисттер катышты»,-деп айтылат маалымата.
Ош милициясы жарандарды кара куурай өскөн жайларды байкаган болсо даароо милиция кызматкерлерине кайрылууга чакырат !
Белгилей кетсек, 2023-жылдын жыл башынан бери 13 тоннадан ашык кара куурай жок кылынса, ал эми 2022-жылы 12 тонна кара куурай жок кылынган.