![Оштун милициясы "Коенду" кармады Оштун милициясы "Коенду" кармады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/366889618_690416633130899_6517527582406311075_n.jpg)
Сүрөт: Ош ШИИБ
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Коен» каймана аты бар жигиттин каралганын билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 22-июль күнү , болжол менен саат 21:30 чамасында Ош шаардык ооруканасына Ош шаарынын 2001-жылы туулган тургуну денесинен жараат алып кайрылган. Милиция кызматкерлерине жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө, аталган бассейнинде эс алып жатып, белгисиз жаран менен пикир келишпестиктен улам сөз талаша кетишкендигин, ал жаран жанындагы бычагы менен бел тарабына сайып, изин жашырып кеткендигин билдирген.
![Оштун милициясы "Коенду" кармады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/363763099_690416623130900_3828631207497550233_n-1024x768.jpg)
» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, издөө иштери башталган. Ош шаарынын аймагында бекинип жүргөн жайынан шектүү, Кара-Суу районунда туулган, Ош шаарында убактылуу жашап турган 1995-жылы туулган Н. М. кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдогон жаран экендиги жана кылмыш чөйрөсүндө « Коен» деген каймана ат менен белгилүү экендиги аныкталды«,- деп айтылат маалыматта.
Шектүүнүн кылмыштуу аракети боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголуп, 9-август күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн 11-август күнү анын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат.