Италиядагы Империя шаары
5-бөлүк
XX кылым. Кеңештик Социалисттик Республикалар Бирдиги (КСРБ)
Орус тилинде СССР, бирок, Кеңеш өкмөтү убагында жашагандар үчүн да СССР аталып калган Кеңештик Социалисттик Республикалар Бирдиги 1922-жылдын 30-декабрында Орус, Украин, Беларусь, Закавказ мамлкеттеринин биригиши менен негизделген деп эсептелет. Конституция боюнча КСРБдагы ар бир республика суверенитеттүү республикалар болуп эсептелген. Ошондой эле, ар бир республика Союздан эркин чыгуу укугуна ээ болгон.
В. И. Ленин көз жумгандан кийин И. В. Сталин бийликке келип, бийликтин баарын бир колго топтогон. Бул арада ал Союзду «троцкийчилдик, улутчулдук» жана башка шылтоо менен миңдеген адамдар репрессияланган. Андан соң Союздук республикалар капыстан бастырып келген душманга даярданып, Гитлер баштаган немис армиясы менен совет армиясы 5 жыл бою согушуп, Советтер Союзунун жеңиши менен аяктаганын жакшы билебиз. 1945-жылдан 1987-жылга чейин АКШ менен КСРБдин ортосунда «Кансыз согуш» деп аталган саясий таасир талашуу, жарыша куралдануу мезгили болуп, Горбачев бийликке келгенден кийин аталган согуш бүттү деп эсептелеген. Бул эки дөө-шаа өлкөлөрдүн жарышынан улам советтик космонавт космоско учуп, АКШнын учкучтары Айды багындырган.
XXI кылым. АКШ
Америка Кошмо Штаттары алгачкы жолу 1776-жылы 4-июлда көз каранды эместиктин Декларациясын кабыл алышкан жана Америка Кошмо Штаттары түзүлгөндүгүн жарыяланган. Андан бир жыл мурун Англиянын колониялык саясатына каршы жана Түндүк Американын көз каранды эместиги үчүн согушка 13 штат кошулуп, жыйынтыгында Англия жеңилген. Ошентип, жаңы кошулуп, бирдиктүү болупп калган мамлекет экономикалык жактан чыңалып, Франциядан Луизиананы, Испаниядан Флориданы сатып алган. Кийинчерээк экономикалык кубаттуу болуп бараткан АКШ Мексиканын жарымынан көп аймагын, Техасты басып алган. Орус империясынан Алясканы сатып алган. Ошентип, кеңейип отуруп, АКШда монополисттик капитализм өнүгүп, өнөр жай продукциясын өндүрүү боюнча алдыңкы өлкөгө айланган. Өндүрүштүн концентрацияланышы менен кошо финансы олигархиясы түзүлүп, ал республикалык (1854-ж. түзүлгөн) жана демократиялык (1828) партиялардын системасы аркылуу өлкөнү бийлеп турду.
Азыркы учурда Америка Кошмо Штаттары армиясы жана экономикасы боюнча дүйнөдө алдына ат салдырбаган өлкө катары саналат. КСРБдин кулашы менен Америка Кошмо Штаттары азыркы кылымдын башында жана өткөн кылымдын аягында дөө-шаа мамлекет болуп чыга келди. Айрыкча геосаясатта укмуштуудай жетишкендиктерге жетишкен өлкө кубаттуу экономикасы жана күчтүү армиясынын, ошондой эле, дүйнөдө мурда болуп көрбөгөндөй өскөн таасиринен улам улуу держава болуп жетишти.
Жалпы жыйынтык
Бул макаланын башында 21 кылымдын ичинде 13 империя Жер бетин башкарганы боюнча жазганбыз. Ошондой эле, ал 13 империялар боюнча макалада учкай гана кеп болорун билдиргенбиз. Эгер алар боюнча толук маалыма бере турган болсок, көлөмдүү, документалдык китепке айланмак. Бирок, азырынча мындай чоң эмгекти жаратуунун үстүнөн иштеп, аны окурмандарга тартылоо вазыйпасын баштай элекпиз. Балким, бул иш келечекте ишке ашып калар.
Жыйынтыктап айткан, адамзат жаралгандан бери таасир талашуу, жер талашып согушуу жараяны бүтпөй келет. Балким, бул да болсо адамзаттын тагдырына бүткөн болушу ыктымал, бул жагы башка маселе. Мына, биз жогоруда кеп кылганыбыздай 21 кылымдын ичинде 13 империя өкүм сүрүп, анын айрымдарынын мураскерли гана ушул күндөргө жетти. Не деген кубаттуу да, таасири да бар империялар кайсыл күнү болбосун, урап-кулап жок болорун тарых ташка тамга баскандай айгинелеп келет. Айрыкча, ал империя бөтөн элди эзүү саясатын жүргүзгөн болсо, анын да жазасы бар экени маалым. Ошентип, бул макаладан он үч мперия боюнча учкай маалым ала алдыңыз деп ойлойбуз.