![Эльчибек Джантаев: "Туризмди өнүктүрүү – приоритеттүү багыттардын бири" Эльчибек Джантаев: "Туризмди өнүктүрүү – приоритеттүү багыттардын бири"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/1.jpg)
«Ош облусу жаратылышты, маданиятты жана тарыхты айкалыштырган уникалдуу жайлары менен өзгөчөлөнүп турат. Кыргызстан туризмди өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ жана Борбордук Азиядагы туризм индустриясынын чордону болуу мүмкүнчүлүгү бар. Мына ошондуктан туризм багытындагы долбоорлорду ар тараптан колдойбуз», — деди облус башчысы Э.Джантаев Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл аймагындагы туристтик база менен таанышып жатып.
Мындагы ишкер өзгөчө стилде эс алуу жай болоорун жана келген конокторду жыл бою тейлеп, акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдылган жатакана, бассейн, мончо, балык чарба ж.б. эс алууга бардык шарттар түзүлөөрүн жана экологияга эч кандай зыян болбостугун билдирди. Жыйынтыгында облус башчысы ишкер кайрылган маселени чечүү үчүн жергиликтүү бийликке бир катар тапшырмаларды берди.
Бул туристтик базаны ачуу менен Капчыгай айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө чоң салым кошулат, ички жана сырткы туристтердин келишине өбөлгө түзүлүп, жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыздалат. Бул туристтик база Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу эл аралык автожолунун 75 чакырымындагы “Тамчы” участкасынын маңдайында Тар дарыясынын аркы бетинде орун алган.