![Окуучулардын кийимдеринин наркы аштыбы? Окуучулардын кийимдеринин наркы аштыбы?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/4.1jpg.jpg)
Жаңы окуу жылынын жакындап келе жатканы окуучу балдары бар ата-эне-лер үчүн мектепке даярдык көрүү түйшүгү башталды. Ушул тапта базарларда балдарына мектепке кийүүчү кийим-кечеден тартып, китеп-дептер сыяктуу окуу куралдарына чейинки бүт керектүү буюмдарын сатып берип жүрүшкөн ата-энелерди жолуктурууга болот. Кийим-кечелер жана окуу куралдары ар бир базарда сапатынын жогорулугуна, даярдалган аймагына жараша ар кандай баада сатылууда. Биз Ош шаарындагы жайма базарларды, айрым дүкөндөрдү кыдырып, окуучулардын мектепке кийип баруучу кийим-кечелеринин, китеп-дептерлеринин баалары менен тааныштык.
Кара-Суу районунун Мады айылынан келген Адисбек Жаңыбаев жубайы Махабат менен мектептин башталгыч классына бара турган эки уулуна жаңы окуу жылына кийим алып жүрүшкөнүн айтышып, баалар быйыл өскөнүн белгилешти. Адисбек курулушта иштейт экен, жубайы Махабат бала карап үйдө экен азырынча.
— Өзүм курулушта иштейм. Келинчегим кичине уулубузду карап азыр үйдө. Мурун бала бакчада иштечү эле. Дөөлөт жана Билал деген мынабу эки уулума кийим-кече кылып жүрөбүз. Бир аз убакыт өткөн соң, базарда басууга болбой калат, адам аябай көбөйүп, тыгын болуп кетет. Ошону эске алып, эртерээк керектүүлөрүн жана кийимдерин алып берели дедик. Былтыркы жылдан, албетте, быйылкы жылы баары кымбаттаптыр. Кийимдер, бут кийимдер деле. Дептерлер дагы кымбаттаптыр, — дейт Адисбек Жаңыбаев.
![Окуучулардын кийимдеринин наркы аштыбы?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/3.-1jpg-1-768x1024.jpg)
Адисбек Жаңыбаев жубай жана балдары менен
Чындыгында дүкөндөр да, базарлар да жаңы окуу жылына карата кардарларды кабыл алууга, аларга каалаган бааларда, каалаган кийим-кечектерди, мектепте окууга керектүү куралдарды кенен сунуштап, даяр турушканын байкадык. Август айынын башы болсо да сатуучулар ата-энелер менен окуучуларга болушунча жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүп, окуучу кыздар чачтарына тагынчу “бантиктеринен” бери татына гана илип койгонун көрүүгө болот.
Окуучуларга китеп-дептерлерин, калемсаптарын салчу сумкалардын да түрдүүлөрү коюлган. Сумкалардын баалары 650 сомдон 2500 сомго чейин сунушталган.Балдарына арзаныраак баада сапаттуу тигилген кийим-кечелерди алып берүүнү каалаган ата-энелер көбүнчө Ош шаарындагы жайма базарларга, Кара-Суу районундагы Кара-Суу борбордук дүң соода базарына барышат. Биз Оштогу жайма базардан сатуучулар жаңы окуу жылына кардарларды күтүшүп, даяр экендигин айттык. Балдарына кийим алышкан ата-энелер да арбып жатканын баамдадык. Мектеп босогосун аттай турган балдарын коштогон адамдардын базар кыдырып, арзаныраак жана балдарына жарашыктуу кийимдерди издеп жүргөндөрү бар. Бааларга келсек, учурда Оштогу борордук жайма базарында кыздардын мектепке кийүүчү ак көйнөгү 650 сомдон 1200 сомго чейин, эркек балдардын ак көйнөктөрү 600 сомдон 850 сомго чейин сатылууда. Эркек балдардын шымы — 850 сом, ал эми окуучу кыздардын юбкалары 450-1200 сом бааларында сунушталууда. Негизинен жайма базардагы сатуучулардын айтымында, окуучулардын кийимдери Пекин, Түркия жана жергиликтүү ишкерлердин өндүрүмдөрү болуп саналат. Бааларына карап кардарлар тандап алышууда.
![Окуучулардын кийимдеринин наркы аштыбы?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/5.1jpg-768x1024.jpg)
Ал эми дүкөндөрдө, албетте, окуучулардын кийимдери жайма базардагыдан кымбатыраак. Окуучулардын “тройка” костюм, шымдары 3500 сомдон жогору турат. Көйнөктөр да кымбатыраак. Ар ким өз чөнтөгүнө карап, окуучу балдар жана кыздарын мектепке даярдашууда. Башкысы, товарлар толук сунушталууда. Бут кийимдер Оштогу борбордук жайма базарда кыздар жана балдарга бирдей эле баада экен: 900 сомдон 1500 сомго чейинки баада.
Жайма базардан окуучу балдар жана кыздарына кийим алып жүргөн ата-энелер менен баарлаштык. Кээ бири ысымын айтуудан баш тартышты. Быйылкы жылы окуучулардын кийим-кечелери, китеп-дептерлер, калемсаптар жана башка мектепке керектүү куралдар өткөн жылдагыдан кымбат экенин айтышты. Базарда олтурушкан сатуучулар деле муну ырасташты. Сатуучулар да ысымдарын айтышпай, белгисиз бойдон калууну оң көрүштү. Алар, чындыгында да өткөн жылдагыдан баалар жогорулаганын жана соцфондго, патентке баа көтөрөлгөнүн айтышты.
![Окуучулардын кийимдеринин наркы аштыбы?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/2.1tif-768x1024.jpg)
Китеп, дептерлерге келсек, Оштогу борбордук жайма базарда башталгыч класстар пайдаланчу 16 барактуу дептерлердин баасы 6 сомдон 8 сомго чейинки баада. Калың, 96 барактуу дептерлер 15 сомдон 80 сомго чейинки баада сатылып жатат. Дүкөндөрдө 16 барактуу жука дептерлердин баасы 7 сомдон 15 сомго чейин, калың дептерлер 25 сомдон 100 сомго чейинки баада сатылууда. Албетте, кийим кече, китеп, дептерлерден тышкары, сызгыч, циркуль, альбом, калемсап, пенал жана башка керектүү куралдарды да сатып берүү керек. Китептер боюнча айтсак, «облус боюнча 100 пайыз камсыздалды» деп айтуудан деги эле алыспыз.
Азырынча, облуста мектеп окуучуларын китеп менен камсыз кылуу маселеси курч эле бойдон калууда. Ал эле эмес, экинчи борбор калаа Ошто деле бул маселе бар. Ата-энелер өз күчү менен “Таатан”, “Пекин” жана башка соода борборлорунан, Оштогу борбордук жайма базардагы китеп сатылуучу жайлардан жана китеп дүкөндөрүнөн сатып беришүүдө.Негизи, жаңы 2023-2024-окуу жылына ата энелер, окуучулар кызуу даярданып жаткан учур, базары арзан жана сапаттуу болушун каалайбыз.
К.Кыдыралиева