![Кыска өмүр, мазмундуу жашоо Кыска өмүр, мазмундуу жашоо](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/nasirdin_isanov.jpg)
Ташан Казыбаев 1946-жылы Ноокат районунун Көк-Белайылында туулган. Кыргыз Республикасынын алгачкы Премьер-министри Насирдин Исанов окуган мектепти аяктаган. Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин Н.Исанов атындагы орто мектепте 40 жыл иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Айылдын ардактуу аксакалдарынын бири.
Ташан аба, Насирдин Исановду замандаштары жөнөкөй, чынчыл, өз ишин так билген адискөй, ар качандан бир качан жеке кызыкчылыгынан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон, арам акчанын азгырыгынан алыс жүргөн таза адам катары көп эскеришет. Сөздү айылдашы катарыанын жаш кезинен баштап берсеңиз?
![Кыска өмүр, мазмундуу жашоо](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/61-635x1024.jpg)
Ташан Казыбаев
— Насирдин Исанов көпчүлүктүн көз кырында, көкүрөгүнүн тушунда жүргөн кыргыздын кыраан жигиттеринин бири. Ал менден 3 жаш улуу болчу. Бир мектепте окуп калдык. Анын баскан турганы, жүрүм-туруму, улуу-кичүүлөргө жасаган мамилеси, билим алууга болгон умтулуусу баарыбызга үлгү болгон. Көк-Бел айылындагы мектеп Кожоке айылындагы Ломоносов атындагы орто мектептин филиалы эле. Насирдин Исанов менен бирген окуган 12 классташтарынын ичинен үчөөнүн көзү тирүү. Алар Чеч-ТөбөлүкКарабаев Рахман, Көк-Белден — Кулмаматов Момун, анан Кыргыз-Атадан Акбарали.
Ал мектепте окуган жылдары колу жөндөмдүү болчу, үйгө керектүү буюмдарды, стол, стул, этажерка жасап койчу. Шахмат, шашкини мыкты ойноп, кышында лыжа тепкенди жакшы билчү. Төрт кылдуу мондалинаны, үч кылдуу комузду черте билчү. Онунчу класста окуп жүргөндө өрүктөн комуз чапканы эсимде. Ушул чөлкөмдөн алгачкылардан болуп,
1960-жылы Москвада жогорку окуу жайына окууга өткөн балдардын бири. Ал биринчи курста Москва курулуш трестинде жумушчу болуп иштеп жүрүп, Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтунун кечки бөлүмүндө окуган. 1961-жылы күндүзгү бөлүмгө которулуп, аны 1965-жылы аяктаган.
— Көк-Бел айылы райондун эң четтеги айылы болсо, элеттик жигит орусчаны кандайча билип калат?
— Анын тарыхы мындай. 1928-жылы Ноокат району уюштурулат. Ошол жылдын декабрь айында Кыргыз АССРинин БАКтын Президиумунун Төрагасы Абдыкадыр Орозбеков Ноокатка келип, анын көрсөтмөсү менен райондо биринчи болуп Көк-Бел совхозу түзүлөт. Чарбада мал фермасы уюштурулат. Ал мезгилде Кеңеш өкмөтү жаңы түзүлгөн советтик чарбаны (совхозду) өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилгендиктен, ал мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоого алынган. Жаңыдан уюштурулган чарбаны Чүй тараптан келген Садыбакасов аттуу билимдүү адис жигит жетектеген, андан кийин орус улутундагы Бабанов аттуу директор болгон. Совхозго бара-бара орус улутундагы адамдар келе баштаган. Алардын саны көбөйгөндө айылдагы мектепте кыргыз классы менен катар орус тилиндеги класстар да ачылат. Көк-Белге 1933-жылы ачарчылыкка кабылган казактар, 1944-жылы Кавказ тараптан балкарлар келишкен. Алардын балдары да орус класста окушкан.
Ошол мезгилде орус тилин балдар эмес, жашы өөдөлөп кал ган адамдар да үйрөнүп, так сүйлөй албаса да, айтканды түшүнүп калган. Жашы улгайып калгандарга караганда тилди жаш балдар бат өздөштүрөт эмеспи. Насирдиндин орус тилин жакшы билишине ушул жагдай себеп болгон. Кийин орусчаны акценти жок таза сүйлөп жүрдү го…
![Кыска өмүр, мазмундуу жашоо](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/63-1024x808.jpg)
— Айылдагы мектепте кыргыз классы менен катар орус тилинде окутулуучу класс ачылып, элеттик балдар орус класста окуп калдык деп айттыңыз. Насирдин Исановдун жолун улап, жогорку окуу жайында окуган окуучулар болдубу?
— Насирдин Исанов окуган онунчу класста 12 окуучу болчу. Алардын ичинен 8и жогорку билимдүү, төртөө атайын орто билимге ээ болгон. Андан кийинки жылы Жороев Таштемир жана Боронбаева Апизалар болгон. Апиза Боронбаева айылда биринчилерден болуп Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунун дарылоо факультетинде окуган. Экинчи болуп жетинчи классты Чеч-Төбө айылынан Сапиев Эрмек, Амиров Анарбай, Айткулов Эсендер бүтүрүштү.
Андан кийинки жылы үчүнчү болуп биз бүтүрдүк. Орус тилин жакшы билгендиктен жогорку окуу жайын кыналбай бүтүрдүк. Совхоз тарабынан мектепте жакшы окуган үч окуучу Москвадагы Тимирязев атындагы айыл чарба академиясына окууга жөнөтүлгөн. Жороев Таштемир экономист, Эргешов Малик-зоотехник, Ботобаев Осмонали-агрономдук кесипке ээ болушуп, кийин жооптуу кызматтардаиштеп жүрүштү.
— Сиздерди окуткан мугалимдердин ысымдарынайта кетсеңиз?
— Мектептин директору Александр Сергеевич Небога эле. Борис Алькович аттуу мугалим бар болчу. Кийин ал РСФСРдин эмгек сиңирген мугалими наамына татыктуу болгон. Бизди Елизавета Васильевна, Анна Сергеевна, Галина Семёновна, Люба Максимовна аттуу эжекелер окуткан.
Ошол мезгилде Көк-Бел айылынан чыккан жергиликтүү мугалимдер аз болгон. Биздин мектепте Кыргыз-Ата айылынан келген Абдирашид, Абдыганы Жусубалиев, кожокелик Жолдошов Жумабай, Курбанбаев Саит, Назаров Саит сыяктуу мугалимдер иштеген. Кийин Көк-Белдин өзүнөн чыккан. Айткулов Абдывап, Алиев Эсен, Бокубаев Шарип алгачкы агартуучулар болчу. Төртүнчү болуп мен келгем.
— Студент курагын эскере өтсөңүз?
— Мен Исанов менен Москвада 5 жыл чогуу окуп, бир бөлмөдө жашап, студенттик курактын ысык-суугун баштан кечирген КР эмгек сиңирген куруучусу, таластык Аскарбек Молдобаев жана чүйлүк Казыбек Сакыев менен аңгемелешип калган жайым бар. Анын айтуусунда Насирдин Исановдун материалды кабыл алуусу, эске тутуусу өтө күчтүү болгон. Бир окуганы эсинде бекем калчу экен. Кышкы семестрде бир предметтен группадагы 22 студенттин ичинен Насирдин «5», украиналык кыз «4», москвалык бала «3» деген баа алып, калгандары кайрадан тапшырган экен. Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтунан Н.Исановго «бизге окутуучу болуп калгын» деген сунуш болгон экен. Насирдин ага макул болбой, Кыргызстанга кайтып келген.
— Москвадагы жогорку окуу жайын бүтүрүп келгенден кийин Кыргызстан КП Ош обкомунун биринчи катчысы Султан Ибраимовдун назарына түшүп калган деп айтылат..
— Айтканың туура, Насирдин Исановдун 1965–1970-жылдардын аралыгында «Ошшааркурулуш» трестинин 3-курулуш монтаж башкармалыгынын прорабы, участоктун начальниги, башкы инженери болуп иштеген. Оштогу Сулайман -Тоонун жанындагы бир мектеп өз мөөнөтүндө, сапаттуу пайдаланууга берилип, анын салтанаттуу ачылышына Султан Ибраимов өзү катышат. Н.Исановдун ишине абдан ыраазы болот. Султан Ибраимов абдан кыраакы адам болгон эмеспи. Колу таза кадр экендигин алдын ала баамдаган тура.1970–жылы Кыргызстан КП Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору болуп ишке алынат. Андан кийин «Нарын — суу энергия курулуш» башкармасынын парткомунун катчысы болуп иштеп турганда 1974-жылы Кыргызстан ЛКЖСМ Ош обкомунун 1-катчылыгына дайындалат. Андан кийин Кыргызстан КП Ош обкомунун курулуш жана шаардык чарба бөлүмүнүн башчысы, кийин Кыргызстан КП БКда жооптуу кызматта иштейт. 1983–жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалат.
![Кыска өмүр, мазмундуу жашоо](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/08/6-1024x708.jpg)
Ташан Казыбаев жана Төлөнбай Абдыразаков
— Мамбетжунус Абыловдун колдоосу менен Насирдин Исанов каза болгондон кийин ал жөнүндө «Прерванный полёт» деген документалдуу тасма Көк-Белдик айылдаштарына да көрсөтүлгөн. Аны Сиз көргөн белеңиз?
— Ооба, аны мен да көргөм. Текстти Сатыбалды Жээнбеков окуган болчу. Жаңылбасам музыкасын Курмангазы Азыкбаев жазган. Документалдуу тасманын аягында «1991-жылы 29-ноябрда болгон автокырсыкта аны менен бирге бараткандар жеңил жараат алып, бир гана Н.Исановдун набыт болгондугу таң калыштуу» деген ой айтылган болчу. Тасманын тагдыры кандай болду, анын каза болгондугу сыяктуу али күнгө чейин биз үчүн табышмак бойдон калып олтурат. «Кыңыр иш кырк жылдан кийин да билинет» дегендей, келечекте ушул табышмактын сыры ачылат деп ойлойм.
Насирдин И сановдун 80 жылдык мааракеси 30-августта өзүнүн кичи мекени Көк-Бел айылында белгиленет. Аны ойдогудай өткөрүү үчүн айыл өкмөттүн аймагында аракеттер жасалууда. Райондук масштабдагы штаб түзүлгөн. Н.Исановдун кыска, бирок мазмундуу жашоосу жаштарга үлгү.
Маектешкен:
Т.АБДЫРАЗАКОВ